Загрузка документа…
КР Президентинин
2010-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 365 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2006-жылдын 16-ноябры ПЖ № 559
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил
боюнча улуттук комиссиянын ишмердигин өркүндөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишмердигин мындан ары өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 20-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин мындан ары өнүктүрүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекиген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жөнүндө Жобонун (№ 2 тиркеме) 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Улуттук комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат.";
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жогоруда аталган Жарлык менен бекиген курамы (№ 3 тиркеме) ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык жаңы редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 268 "2000-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүнүн программасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-пункттун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Указы менен бекитилген Жобо жана анын курамы ушул Указдын № 2 жана № 3 тиркемелерине ылайык жаңы редакцияда берилсин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Указы менен бекитилген Жобо ушул Указдын № 2 тиркемесине ылайык жаңы редакцияда берилсин." деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен бирдикте эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин мындан ары өнүктүрүүнүн Программасын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна сунуштасын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 268 "2000-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүнүн программасы жөнүндө" Жарлыгынын № 3 тиркемеси;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 31-январындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 6-июнундагы № 221 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын курамын өзгөртүү жөнүндө" Жарлыгы.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 16-ноябрындагы ПЖ № 559 Жарлыгынын тиркемеси |
| "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 20-январындагы № 21 Жарлыгы менен бекитилген |
Жумагулов Ташбоо Рахманбердиевич - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;
Ибраимов Азимжан Жаманакович - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы;
Өтөбаев Шамшыбек Тагаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн экономикалык жана социалдык экспертиза секторунун башчысы;
Абдиева Марипа Төлөмүшевна - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармасынын начальнигинин орунбасары;
Акматалиев Абдылдажан - Амантурович Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Манас таануу жана көркөм маданият" улуттук борборунун деректири, филология илимдеринин доктору, профессор;
Абдесов Нургалый - Бишкек шаарындагы № 66 орто мектептин кыргыз тили мугалими, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими;
Андашев Дилдебек Бектурсунович - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунун башкы редакторунун биринчи орунбасары;
Бакаев Ашырбек Бакаевич - Кыргыз Республикасынын ИИМинин Ички аскерлеринин колбашчысы, генерал-майор;
Биялиев Кутманбек Абакович - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кыргыз тили кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент;
Дүйшеев Шайлообек - Кыргыз Республикасынын эл акыны, журналист;
Жапарова Бегайым Бакасовна - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын окуу-усулдук борборунун деректири, филология илимдеринин кандидаты, доцент;
Жээналиев Мейманжан - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин мамлекеттик тил боюнча ко- ординатору;
Ибрагимов Сүйүнткан Ибрагимович - Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын кыргыз тили кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор;
Ишекеев Назаркул Ишекеевич - Кыргыз Улуттук университеттин филология факультетинин деканы, педагогика илимдеринин доктору, профессор;
Кайыпов Марат Таштанович - Кыргыз Республикасынын Адилет министри (макулдашуу боюнча);
Конкобаев Кадыралы Конкобаевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил таануу институтунун деректири, филология илимдеринин кандидаты,доцент;
Култаева Үмүт Баймуратовна - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине караштуу Мамлекеттик тил жана маданият институтунун деректири, филология илимдеринин кандидаты, доцент;
Кыдыршаев Нурлан Токтогулович - "Кыргыз тили" коомунун президентинин милдетин аткаруучу;
Маразыков Турусбек Сейдакматович - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин профессору, филология илимдеринин доктору;
Осмонов Өскөн Жусупбекович - Кыргыз Агрардык университеттин профессору, тарых илимдеринин доктору;
Өмүралиева Сүйүмкан Өмүралиевна - Бишкек гуманитардык университеттин профессору, филология илимдеринин доктору;
Рысбаев Сулайман Казыбаевич - Кыргыз билим берүү академиясынын мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору;
Саалаев Жедигер Ибраимович - "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору.