Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы ПЖ № 79 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек ш., Өкмөт Үйү
2001-жылдын 6-февралы ПУ N 48
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ
Кыргыз Республикасында прокурордук көзөмөлдү өркүндөтүү жана
мыйзамдуулукту андан ары чыњдоо боюнча чаралар жөнүндө
Республикада укуктук мамлекетти жана жарандык коомду
калыптандырууга, жарандардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана
мыйзамдары менен корголгон укуктары менен эркиндиктеринин гарантиясын
камсыз кылууга багытталган реформаларды жана демократиялык кайра
түзүүлөрдү жүргүзүүнүн шарты, ошондой эле кылмыштуулуктун жана
мамлекеттик жана финансылык тартипти бузуунун фактыларынын өсүшү
прокуратура органдарынан республикада мыйзамдуулукту жана укук
тартибин бекемдөө боюнча кыйла чечкиндүү жана натыйжалуу чараларды
кабыл алууну талап кылат.
Жарандардын, коомдун жана мамлектетин мыйзам жана корголуучу
укуктарын жана эркиндиктерин кылмыштуу кол салуулардан коргоону
талаптагыдай уюштуруу, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө прокуратуранын
уюштуруучулук ролун чыњдоо жана анын укук коргоочу функцияларын
жогорулатуу максатында токтом кылам:
1. Күчүн жоготту ( Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын
22-мартындагы №104 Жарлыгынын негизинде)
2. Бөлүнгөн штаттын жана бюджеттик каражаттардын чегинде Башкы
прокуратурада жана анын аймактык органдарында адамдардын укуктары
менен эркиндиктеринин сакталышына көзөмөлдүк жүргүзүүдө укук коргоо
фукнцияларын камсыз кылуу үчүн тийиштүү структуралык бөлүмдөр
түзүлсүн.
3. Төмөнкү тиркемелер бекитилсин:
- Күчүн жоготту ( Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-
жылдын 22-мартындагы №104 Жарлыгынын негизинде)
- Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында жана
мекемелеринде кызмат өтөөнун тартиби жөнүндөгү Жобо.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте бир айлык мөөнөттө Кыргыз
Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына прокурордук көзөмөлдү
өркүндөтүүнү жана күчөтүүнү, прокуратуранын ролун жогорулатууну,
ошондой эле прокурордун мыйзамдуу талаптарын аткарбагандык, алардын өз
ыйгарым укуктарын жүргүзүшүнө тоскоолдук кылгандык үчүн жоопкерчилик
белгилөөнү караган өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү
сунушту белгиленген тартипте киргизилсин.
5. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу жана
коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев