ЖарлыкКүчүн жоготту

КР Президентинин 2008-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 197 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу» Жарлыгы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 443 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

 

2008-жылдын 9-июну ПЖ № 197

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу

Мамлекеттик кадрдык саясаттын натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын реестри" деген № 1 тиркеменин "Саясый мамлекеттик кызмат орундар" деген бөлүгүнүн "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы" деген бөлүмүнүн II тобу:

төмөнкү мазмундагы жаңы биринчи сап менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчиси";

биринчи-бешинчи саптар тиешелүү түрдө экинчи-алтынчы саптар болуп эсептелсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

К.Бакиев