Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы ПЖ № 385 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 11-апрели ПЖ № 168
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана мамлекеттик башкаруунун айрым органдарынын кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-апрелиндеги № 130 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген № 1 тиркеменин "Саясый мамлекеттик кызмат орундары" деген бөлүгүнө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары" деген бөлүкчөдөн кийин төмөнкү мазмундагы жаңы бөлүкчө кошулсун:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген
башка аткаруу бийлик органдары
III топ
Мамлекеттик кызматтын, Кызматтын төрагасы
IV топ
Мамлекеттик кызматтын, Кызматтын төрагасынын орунбасары".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Жарлыктан келип чыккан тийиштүү чараларды кабыл алсын;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |