Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 18-февралы № 31
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексинин, КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту)
2-берене.
"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 79-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
7-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына алып келүүнүн жана анын чегинен тышкары алып кетүүнүн, ошондой эле иштеп чыгуунун, өндүрүүнүн, сертификациялоонун, сатуунун жана сатып алуунун белгиленген эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.".
3-берене.
(КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |