Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 27-январы № 27
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж. № 10, 794-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Мыйзамдын аталышында "Тарыхый мекенине кайтып келүүчү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 1-статьяда:
биринчи абзацында "тарыхый мекенине ыктыярдуу түрдө кайтып келүүчү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасына ыктыярдуу түрдө көчүп келүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
бешинчи абзацында "региондук көчүрүү программалары тарабынан берилген жерлерден кайрылман тарабынан" жана "тандалып алынган" деген сөздөр алып салынсын.
3. 4-статьянын үчүнчү абзацында "этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине кайтып келүү" деген сөздөр "этникалык кыргыздардын Кыргыз Республикасына көчүп келүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 6-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 7 жана 8-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-статья Кайрылман статусун берүү үчүн кайрылуунун тартиби жана документтердин тизмеги
Кайрылман статусун берүү жөнүндө адамдардын өтүнүчү үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бири тарабынан жеке өзү же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу берилет:
- алардын жарандыгынын аймагында же туруктуу жашаган жеринде Кыргыз Республикасынын миграция боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына андан ары жиберүү үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине;
- Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын миграция боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына.
Өтүнүч берүүчү адам же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүчү менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте легалдаштырылган төмөнкү документтерди берет:
- паспорт же аны алмаштыруучу документ;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалымкат;
- нике тууралуу күбөлүк.
Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгон учурда, өтүнүч берген адамдын улутун ырастоо үчүн төмөнкү документтердин бири берилет:
- жакын туугандарынын биринин (ата-энесинин, балдарынын, бала асырап алгандардын, ата-энелери бир жана ата-энелеринин бирөө башка ага-инилеринин жана (же) эже-карындаштарынын, эже-сиңдилеринин, чоң атасынын, чоң энесинин, таята-таянесинин, неберелеринин) туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- ата-энесинин никеси тууралуу күбөлүк;
- алыс туугандарынын (аталаш ага-инилеринин жана (же) эже-карындаштарынын, эже-сиңдилеринин) биринин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.
Кайрылман статусун берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
8-статья. Кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүчтү кароонун тартиби
Өтүнүчтү кароо жана кайрылман статусун берүү жөнүндө же кайрылман статусун берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгаруу өтүнүч катталган күндөн тартып эки айдын ичинде жүзөгө ашырылат.
Эгерде өтүнүч берген адамга кайрылман статусу берилсе, анда кайрылман статусу анын жубайына жана жашы жете элек балдарына, ошондой эле алар чогуу жашаган шартта, анын багуусундагы башка адамдарга да жайылтылат.
Жашы жете элек балдары, жубайы, ошондой эле алардын багуусундагы башка адамдар Кыргыз Республикасында ага кошулууга жана кайрылман статусун алууга укуктуу.
Кайрылман статусун алган адамдарга белгиленген үлгүдөгү кайрылмандын ырастамасы берилет.
Кайрылмандын ырастамасы инсандыгын ырастоочу документ болуп саналат, Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турган жери боюнча калкты каттоо органдарында ал адамды жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн каттоо үчүн негиз болуп кызмат кылат.
Кайрылмандын ырастамасынын үлгүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
6. 9-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өздөрүн кайрылман деп таануу жөнүндө өтүнүч берген чет өлкөлөрдө жашаган жана Кыргыз Республикасынын аймагына келген адамдар ушул Мыйзамда каралган өзгөчөлүктөр менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеги укуктардан пайдаланышат жана милдеттерди тартышат. Өздөрүн кайрылман деп таануу жөнүндө өтүнүч менен кайрылышкан адамдардын убактылуу жайгашуу борборлорунда жашап туруусунун шарты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
2 бөлүгүндө:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өздөрүн кайрылман деп таануу жөнүндө өтүнүч берген чет өлкөлөрдө жашаган жана Кыргыз Республикасынын аймагына келген адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:";
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жашаган жери жөнүндө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө;".
7. 11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья. Кайрылмандардын Кыргыз Республикасына кирүүсүнүн жана болуусунун тартиби
Кайрылмандардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн жана болуусунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
8. 12-статьяда:
1-бөлүгүндө:
- биринчи абзацында "чет өлкөлүк жаранга, кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамга" деген сөздөр "адамдарга" деген сөзгө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- эгерде алар соттолуп жана эркиндигинен ажыратылган түрдө жазасын өтөп жатса - жаза мөөнөтү аяктаганга чейин.";
2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
9. 13-статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "13-статья. Кайрылман статусун берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимине даттануу".
10. 14-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
11. 15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Кайрылмандарга берилүүчү социалдык кепилдиктер жана жеңилдиктер
Мамлекет кайрылмандар үчүн төмөнкү социалдык кепилдиктерди жана жеңилдиктерди белгилейт:
- Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына өтүү үчүн квота бөлүүнү;
- муктаж болгондорго жалпы билим берүүчү орто жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан орун берүүнү;
- мамлекеттик жана расмий тилдерди үйрөнүү үчүн шарттарды түзүүнү;
- ишке орношууда, кесибин жогорулатууда жана жаңы кесипти өздөштүрүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жардам көрсөтүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөп берүүнү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуунун жыл сайын кабыл алынуучу мамлекеттик кепилдиктеринин программасына ылайык зарыл болгон медициналык жардам алууну;
- Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн каралган мамлекеттик даректүү жардам көрсөтүүнү.
Бажы чек арасы аркылуу этникалык кыргыздардын жана кайрылмандардын өндүрүштүк, ишкердик же башка коммерциялык иш үчүн эмес, жеке пайдалануу үчүн арналган товарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнөкөйлөштүрүлгөн, жеңилдетилген тартипте бажы алымдарын төлөбөстөн алып өтүлүшү мүмкүн.
Кайрылмандар жумушка уруксат албастан эмгек ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.".
12. 16-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
13. 4-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4-глава. Этникалык кыргыздардын жана кайрылмандардын иммиграциясы жаатындагы мамлекеттик саясат".
14. 17-19-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Кайрылмандарды социалдык кепилдиктер жана жеңилдиктер менен камсыз кылуу
Мамлекет кайрылмандарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте, ушул Мыйзамдын 15-статьясында каралган социалдык кепилдиктер жана жеңилдиктер менен камсыз кылат.
18-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык кайрылмандарга Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганда турак үй куруу жана тейлөө жана жеке көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн менчикке өткөрүп берүү менен жер участокторун акысыз мөөнөтүү пайдаланууга берет.
19-берене. Мамлекеттик кепилдиктерди берүүнүн тартиби
Мамлекеттик кепилдиктердин өлчөмү жана аларды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
15. 20-статьяда:
1-бөлүгүндө "коомдук уюмдардын" деген сөздөр "жеке жана юридикалык жактардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2 жана 3-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
27-статьянын 1-бөлүгүндө:
мамлекеттик тилдеги текстинде "Чет өлкөлүк жарандардын же" деген сөздөр "чет өлкөлүк жарандардын жана" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"чет өлкөлүк жарандардын" деген сөздөрдөн мурда "Кайрылман статусун алган этникалык кыргыздарды коошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
3-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы "з" пункту менен толукталсын:
"з) кайрылман статусун алган этникалык кыргыздарга.".
4-берене.
"Ички жер которуу жөнүндө'" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
14-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) кайрылмандын ырастамасы.".
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |