Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 13-февралы, № 32
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2025-жылдын 12-августундагы № 198
Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2025-жылдын 12-августундагы N 198 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
(КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
4-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 14-2-статья менен толукталсын:
"14-2-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендеринин өзгөрүүлөрүнүн күчүнө кириши
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендеринин өлчөмүнүн көбөйүшүн караган ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.".
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Иштеп жаткан инвесторлор жана ушул Мыйзамда белгиленген шарттарга жооп берүүчү инвестициялануучу ишканалар турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күндөн тартып турукташтыруу режимин колдонуу укугуна ээ экендиги белгиленсин. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |