Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 27-марты № 164
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин
2013-жылдын 14-февралындагы
сессиясынын №84-«Курулуштарга жана жерди
пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын
курамын бекитүү жөнүдө» токтомуна өзгөртүү
жана толуктоо киргизүү жөнүндө.
Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 5-мартындагы чыгыш № 68/08-6- Ош шаарынын вице-мэрлери жана мэриянын аппарат кызматкерлери жаңыдан дайындалганына байланыштуу, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы №84-токтому менен бекитилген «Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү» боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизип, бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 13-мартындагы отурумунун №4-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы №84-токтому менен бекитилген Ош шаарынын курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиясынын курамына №1-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин (№1-тиркеме тиркелет).
2.Комиссиянын мүчөсү ээлеген кызматынан бошогондугуна байланыштуу комиссиянын курамынан чыккан учурда анын милдеттери ушул кызмат ордуна жаңы дайындалган адамга өтөөрү белгиленсин.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңештин төрагасы: |
У.Примов |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы кезектеги XVI-сессиясынын №164-токтомуна №1-тиркеме |
Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча
комиссиянын курамы
1.Ормонов Ж. - Ош шаарынын вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
2.Кадыров А. - Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары
3.Калмаматов Б. - Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
4.Капаров Т. -Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
5.Садыкова Г. -Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
6.Момунов С. - Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу, муниципалдык менчикти башкаруу жана туризмди өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысы;
7.Баетов Н. - Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы;
8.Шанаев К. - Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучусу;
9.Каратаева У. - Ош шаардык мамлекеттик санитардык-эпидомологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери;
10.Эшбаев Т. - Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы;
11.Нажиев Ш. - Көз карандысыз баалочу (макулдашуу менен);
12.Шакенов С.– Ош шаарынын мэриясынын юристи;
13. Темиров А. - Жеке ишкер (макулдашуу менен)
14.Мамазаиров С. - Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жер укуктарын сатуу бөлүмүнүн башчысы,
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчисинин Милдетин каруучусу: |
М.Жолдошева |