Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 27-марты № 170
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин
2012-жылдын 18-декабрындагы №39-Ош шаарынын
мэриясынын алдындагы географиялык жана
мамлекеттик маанидеги обьекттерди атоо жана
аталыштарын өзгөртүү боюнча атуулдардан,
жамааттардан келип түшкөн кайрылууларды,
арыздарды кароо боюнча комиссиянын курамын
бекитүү жөнүндө токтомуна өзгөртүү
жана толуктоо киргизүү жөнүндө.
Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 12-мартындагы чыгыш № 73/08-6-Ош шаарынын вице-мэрлери жана мэриянын аппарат кызматкерлери жаңыдан дайындалганына байланыштуу, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы №39-Ош шаарынын мэриясынын алдындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги обьекттерди атоо жана аталыштарын өзгөртүү боюнча атуулдардан, жамааттардан келип түшкөн кайрылууларды, арыздарды кароо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизип, бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 17-мартындагы отурумунун №8-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
1.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы №39-токтому менен бекитилген Ош шаарынын мэриясынын алдындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги обьекттерди атоо жана аталыштарын өзгөртүү боюнча атуулдардан, жамааттардан келип түшкөн кайрылууларды, арыздарды кароо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүүлөр киргизилип №1-тиркемеге ылайык окулсун (№1-тиркеме тиркелет).
2.Комиссиянын мүчөсү ээлеген кызматынан бошогондугуна байланыштуу комиссиянын курамынан чыккан учурда анын милдеттери ушул кызмат ордуна жаңы дайындалган адамга өтөөрү белгиленсин.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңештин төрагасы: |
У.Примов |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы кезектеги XVI-сессиясынын №170-токтомуна №1-тиркеме |
1. Ормонов Ж. - Ош шаарынын вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
2. Осмонов А. - Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары
3. Аланов А. - Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
4.Исаков К. -Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
5.Кокочоров Д. -Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
6.Өмүрзакова Т. -Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
7.Сатыбалдиев Р. - Ош шаарынын маданият башкармалыгынын башчысы;
8.Кимсанов К. - Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы;
9.Баетов Н. - Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы;
10.Нурумбетов Б. - Тарых илимдеринин доктору, билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмери;
11.Наримбетов З. - Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башкы адиси.
Депутттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчисинин Милдетин аткаруучусу: |
М.Жолдошева |