Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-сентябры № 148
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды кабарлоонун формасын бекитүү жөнүндө
Биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулардын тизмеси тааныштыруу үчүн басып чыгарылып, кабарлоо жиберилгенден кийинки шайлооочулардын тизмесиндеги түзүлүү ченеминин олуттуу өзгөртүүлөрүнө байланыштуу, "1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун алган, биометрикалык каттоодон өткөн жарандарга шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө" Борбордук шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 18-сентябрындагы № 145 токтомуна ылайык, "2015-жылдын 4-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жүргүзүү учурунда, Кыргыз Республикасынын жарандарынын кошумча шайлоо укуктарынын кепилдиги менен камсыз кылуу" жөнүндө 2015-жылдын 18-сентябрындагы № 146 токтомунун 4-пунктунун негизинде, жарандардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды кабарлоонун формасы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|
2015-жылдын 4-октябры Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутуттарын шайлоо күнү | КАБАРЛОО (Ф.Л.Л.) Урматтуу _________________________________________________________________ (ФАА) ____________________________________________________________________ Сиз, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, биометрикалык каттоонун негизинде шайлоочулардын тизмесине киргизилдициз. № _______________________________________________шайлоо участогу |
Шайлоого катышыңыздар! | (участоктун аталышы) |
Дареги ___________________________________________________________________________ | |
(шайлоо участогунун дареги) | |
Шайлоо күнү шайлоо участогунун иштөө убактысы саат 08.00 сайт 20.00 чейин Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жаңынызда болушу зарыл (ID-карта, жалпы жарандык паспорт, социалдык камсыздандыруу жөнүндө күбөлүгү чапталган, колдонуу мөөнөтү «өтүп кетпеген 1994-жылдып үлгүсүндөгү паспорт)
Участкалык шайлоо комиссиясы | |
| |
Шайлоочулар үчүн Эскертме Шайлоочу укуктуу: • шайлоочулардын тизмесинде өзүңүз жөнүндө маалымат жок болсо, шайлоо участогунун бөлүмүнүн жанында жайгашкан маалыматтык пунктка кайрылыныз Тыюу салынат: • телефон же башка техникалык каражаттар аркылуу шайлоо бюллетенди сүроткө тартуу; шайлоо кабинасында жайгашкан атайын маркерден башка калем сайты колдонуу Шайлоо, саат 8-00 дон 20-00 чейин шайлоо участогунун бөлмөсүндө өтөт Шайлоо күнү, шайлоочулардын тизмесине киргизилген жана жанында ID-карта жалпы жарандык паспорт, социалдык камсыздандыруу жөнүндө күбөлүгү чапталган, колдонуу мөөнөтү өтүп кетпеген 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорт бар жарандар гана добуш берүүгө укуктуу
Участкалык шайлоо комиссиясы | |
| |