Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 23-октябры № 556-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө" Жарлыгына жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматтык автотранспорт каражаттарын этап менен жаңылоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине белгиленген тартипте белгиленген лимиттин чегинде тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери үчүн автотранспорт каражаттарын сатып алууга уруксат берилсин.
2. Автотранспорт каражаттарын сатып алуу, ошондой эле автотранспорт каражаттарын ташуу жана тариздөө менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана анын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин консулдук жана башка кызматтарды көрсөтүүлөрүнөн түшкөн атайын каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-октябрындагы № 556-б буйругуна тиркеме |
┌──┬──────────────────────────┬────────────────────┬──────────────────┐
│№ │ Автотранспорттун маркасы │ Чыккан жылы │Наркы (АКШ доллары│
│ │ │ │ менен) │
├──┼──────────────────────────┼────────────────────┼──────────────────┤
│1 │ 2 │ 3 │ 4 │
├──┴──────────────────────────┴────────────────────┴──────────────────┤
│ Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы элчилиги │
├──┬──────────────────────────┬────────────────────┬──────────────────┤
│1 │Тойота-Прадо │2008-жыл │ 45000 │
├──┴──────────────────────────┴────────────────────┴──────────────────┤
│ Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчилиги │
├──┬──────────────────────────┬────────────────────┬──────────────────┤
│1 │Тойота-Прадо │2008-жыл │ 45000 │
├──┴──────────────────────────┴────────────────────┴──────────────────┤
│ Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу │
├──┬──────────────────────────┬────────────────────┬──────────────────┤
│1 │Тойота-Прадо │2008-жыл │ 45000 │
└──┴──────────────────────────┴────────────────────┴──────────────────┘
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов