Редакцияот 22.01.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 22-январы № 20-б

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматына белгиленген тартипте төмөнкүлөргө уруксат берилсин:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын каражатынын эсебинен "Нива" маркасындагы бир жеңил автомашина сатып алууга;

- жогоруда аталган автомашинаны өз балансынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын тейлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын автотранспорт бирикмесинин балансына өткөрүп берсин.

2. Автомашинаны сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жана "Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана аткаруу бийлигинин башка органдарында жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 токтомуна ылайык жүргүзсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов