РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 20-б «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын каражатынын эсебинен»Нива«маркасындагы бир жеңил автомашина сатып алуу жөнүндө» буйругу

Редакция22.01.2008 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 22-январы № 20-б

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматына белгиленген тартипте төмөнкүлөргө уруксат берилсин:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын каражатынын эсебинен "Нива" маркасындагы бир жеңил автомашина сатып алууга;

- жогоруда аталган автомашинаны өз балансынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын тейлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын автотранспорт бирикмесинин балансына өткөрүп берсин.

2. Автомашинаны сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жана "Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана аткаруу бийлигинин башка органдарында жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 токтомуна ылайык жүргүзсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов