Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 112-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 28-марты № 105-б

Мүлктүк комплексти сактоо, ошондой эле "Эл-Нуру" пансионатынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте Ысыккөл облусу, Ысыккөл району, Чолпоната шаары дарегинде жайгашкан "Эл-Нуру" пансионатын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын балансынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын № 2 Мамлекеттик резиденциясынын балансына өткөрүп берсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов