Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 28-марты № 111-б
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына 1987-жылы чыккан, кыймылдаткыч номери КUO21050, кузов номери WAUZZZ44ZH№105129 "Ауди 100" маркасындагы кызматтык автомашинаны белгиленген тартипте сатууга уруксат берилсин.
2. Автомашинаны сатуу "Менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 токтому менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын (номерлүү агрегаттарды) сатуу жана алардын наркын баалоо методикасы жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлсүн.
3. Автомашинаны сатуудан түшкөн акча каражаттар республикалык бюджетке которулсун.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |