Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-январы № 9
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын каттоосу, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
4. Аймактык шайлоо комиссиялардын "Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү" 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
5. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.
7. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.Акматовго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Шайымкулова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 22-январындагы № 9 токтомунун 1-тиркемеси |
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
1 | Орозбеков айылдык | Уразметов Эркинбек Абдразакович | Өлгөндүгүнө байланыштуу | |
2 | Досматов Имамали Ташполович | Өз арызы | ||
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
3 | Калба айылдык | Орозалиева Рахима Жуматаевна | Өз арызы | |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
4 | Ак-Муз айылдык | Дүйшенбиев Бактыбек Жолдошалиевич | Өз арызы | |
Чүй облусу | ||||
Токмок шаары | ||||
5 | Токмок шаардык | Самаев Урмат Обозбекович | Өз арызы | |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 22-январындагы № 9 токтомунун 2-тиркемеси |
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. | Ээлеген кызматы, кызмат орду | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
1 | Орозбеков айылдык | Бакирова Тажи | С.Тешеев атындагы орто мектеби, мугалим | № 1, 14.01.2016-ж. |
2 | Праханов Асилбек Бекташович | Жеке ишкер | ||
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
3 | Калба айылдык | Шейшенов Тилек Кадырбаевич | "Кут" дыйкан чарбасы, мүчөсү | № 1, 18.01.2016-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
4 | Ак-Муз айылдык | Жолбунова Нурайым Чороевна | С.Исраилов атындагы балдар бакчасы, чарба башчысы | № 1, 06.01.2016-ж. |
Чүй облусу | ||||
Токмок шаары | ||||
5 | Токмок шаардык | Абдырахманов Нурлан Асанкулович | Токмок шаардык архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы, инженер | № 1/1, 08.01.2016-ж. |