Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-декабры № 156
Талас облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана
добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 11-июнундагы № 107 токтомуна ылайык бул токтомдун токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордубекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 16-октябрындагы № 157 токтомуна ылайык бул токтомдун айрым талапкерлерди жергиликтүү кеңештердин депутаттары болуп шайланды деп табуу жөнүндөгү бөлүгү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 23-декабрындагы № 183 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 20-январындагы № 8 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 7-мартындагы № 43 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 26-мартындагы № 48 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 58 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 58 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 17-июнундагы № 80 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 26-июнундагы № 86 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 4-июлундагы № 89 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 22-октябрындагы № 119 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 126 токтомуна ылайык бул токтомдун депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 14-январындагы № 4 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 11-февралындагы № 16 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 20-мартындагы № 27 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 9-июнундагы № 58 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын каттоосу жөнүндөгү бөлүгү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 8-июлундагы № 71 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 18-сентябрындагы № 143 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 22-январындагы № 9 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 16-мартындагы № 54 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 81 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 6-майындагы № 96 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 1-июнундагы № 106 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 204 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы менен дайындалган Талас облусунун Талас шаарынын, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Талас райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү.
Шайлоолорду өткөрүү үчүн "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 1 бирдиктүү жана 87 көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлгөн.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгынын 475 мандатына 1650 талапкер көрсөтүлүп, алардан 1634 талапкер катталган. Каттоодон өткөндөрдүн ичинен: 502 талапкерди саясий партиялар, 357 талапкерди шайлоочулардын топтору көрсөткөн, 775и өзүн өзү көрсөткөндөр.
Добуш берүүгө катталган 114221 шайлоочулардын 66318 шайлоочу катышкан, бул облус боюнча шайлоочулардын 58,06% түзөт.
Добуш берүүнүн жүрүшүн 1460 байкоочулар байкап турган, алардын 186сы саясий партиялардан, 94ү коммерциялык эмес уюмдардан жана 1180и депутаттыкка талапкерлерден.
Шайлоолордун жыйынтыгы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдорду түзүүдө шайкеш келбегендикке карата жана добуштарды кайрадан саноо өтүнүчү менен участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларына (мындан ары - АШК) 25, Борбордук шайлоо комиссиясына (мындан ары - БШК) 16 арыздар жана актылар түшкөн.
Келип түшкөн бардык даттануулар жана арыздар белгиленген тартипте каралган.
Талас шаары боюнча Талас шаардык кеңешине шайлоолор өткөрүлгөн.
БШКнын 2012-жылдын 6-декабрындагы № 33 "Талас облусунун Талас шаардык АШКнын № 6106, № 6111 шайлоо участкаларында добуштарды кайрадан саноо жөнүндө" чечиминин негизинде аталган участкаларда добуштарды кайрадан саноо жүргүзүлгөн. Кайрадан саноодон кийин 2012-жылдын 25-ноябрындагы протоколдордун маалымдоолору өзгөрүүсүз калган.
Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары - АШК) 2012-жылдын 30-ноябрындагы токтому менен № 6108 шайлоо участкасындагы добуш берүүнү жокко чыгарган жана БШКга бул участокто добуш берүүнү кайталап өткөрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Бакай-Ата районунда Орок, Боо-Терес, Миң-Булак, Бакай-Ата, Акназаров, Шадыкан, Кең-Арал, Өзгөрүш, Ак-Дөбө айылдык кеңештеринде депутаттарды шайлоолор өткөрүлгөн.
БШКнын 2012-жылдын 6-декабрындагы "Талас облусунун Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын № 6066 шайлоо участогу боюнча добуштарды кайрадан саноо жөнүндө" чечиминин негизинде аталган участокто кайрадан саноо жүргүзүлгөн. Кайрадан саноодон кийин 2012-жылдын 25-ноябрындагы протоколдогу маалымдоолор өзгөрүүсүз калган.
Кара-Буура районунда Көк-Сай, Маймак, Ак-Чий, Бакайыр, Аманбаев, Чолпонбай, Кара-Буура айылдык кеңештеринде депутаттарды шайлоолор өткөрүлгөн.
БШКнын 2012-жылдын 6-декабрындагы № 31 "Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын № 6031 шайлоо участогу боюнча добуштарды кайрадан саноо жөнүндө" чечиминин негизинде аталган участокто кайрадан саноо жүргүзүлгөн, андан кийин бир талапкер боюнча мандатты бөлүштүрүү өзгөртүлгөн. Кайрадан саноонун жыйынтыктары 2012-жылдын 25-ноябрындагы протоколдогу маалымдоолор менен дал келбеген.
Манас районунда Кайынды, Покровка, Үч-Коргон, Май жана Кыргызстан айылдык кеңештеринде депутаттарды шайлоолор өткөрүлгөн.
Талас районунда Көк-Ой, Бердике Баатыр, А.Нуржанов, Долон, Калба, Жергетал, Кара-Суу У.Омуралиев, Бекмолдо, Арал, Кууганды, Р.Айдаралиев жана И.Осмонкулов айылдык кеңештеринде депутаттарды шайлоолор өткөрүлгөн.
БШКнын 2012-жылдын 6-декабрындагы № 30 "Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын №№ 6074, 6076, 6084, 6090, 6095, 6098, 6099 шайлоо участоктору боюнча добуштарды кайрадан саноо жөнүндө" чечиминин негизинде аталган участоктордо кайрадан саноо жүргүзүлгөн.
Кайрадан саноодон кийин №№ 6074, 6076, 6095, 6099 шайлоо участоктору боюнча 2012-жылдын 25-ноябрындагы протоколдордогу маалымдоолор өзгөрүүсүз калган. №№ 6084, 6090, 6098 шайлоо участоктору боюнча 2012-жылдын 25-ноябрындагы протоколдордогу маалымдоолор кайрадан саноодогу маалымдоолор менен шайкеш келбей калган.
Талас облусунун шайлоо участкаларында добуштарды кайрадан саноонун жыйынтыгы боюнча Талас шаарынын № 6106, № 6011, Талас районунун № 6099, № 6074, № 6095, Бакай-Ата районунун № 6066 участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын, катчыларынын жана мүчөлөрүнүн так, ак ниет эмгектерин белгилей кетүү керек.
Ошону менен бирге Талас районунун № 6084, № 6090, № 6098, Кара-Буура районунун № 6031 участкаларында добуштарды туура эмес санагандыгына жана шайлоолордун жыйынтыгын бурмалагандыгына карата участкалык комиссиялардын айрым мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин кароо сунушталат. Ошондой эле Талас АШКнын участкалык шайлоо комиссияларынан шайлоо документтерин кабыл алуу боюнча, атап айтканда мөөр басылып чапталбаган, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн колтамгасысыз жана коробкаларда мөөрсүз сейф-пакеттерди кабыл алган канааттандырарлыксыз иштерин белгилей кетүү зарыл.
2012-жылдын 27-ноябрында бардык 9 шайлоо участогунда добуштарды кайрадан саноону талап кылышып, өздөрүн өзү билишип, Талас АШКнын мүчөлөрүн көчөгө кубалап чыгып, имарат жайдын эшигин чаптап жаап салышкан "Ата-Мекен", "Авангард" жана "Мекен Ынтымагы" саясий партияларынын өкүлдөрүнүн укук бузган аракеттери Талас шаары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын үзгүлтүккө чыгарууга алып келмек экендигин көңүлдөн калтырууга болбойт. Добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколдорун кабыл алууда эч кандай бузууларга жол берилген эмес жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 5-пунктунун негизинде жогоруда аталган партиялардын талаптары негизсиз деп табылган.
Шайлоолордун жыйынтыгы боюнча, добуш берүүнүн натыйжалары жана шайлоолордун жыйынтыктары боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдоруна ылайык Талас шаардык кеңешине депутат болуп 31 талапкер, айылдык кеңештерге депутат болуп 444 талапкер шайланган.
Талас шаардык, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Талас АШКнын добуш берүүнүн натыйжалары жана шайлоолордун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 24-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 40-беренесинин 4-бөлүгүнө, 56-1, 62-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АШКга жана БШКга Талас облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча түшкөн даттанууларды жана арыздарды кароо жөнүндө маалымат көңүлгө алынсын (1-тиркеме).
2. Талас шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.
1) Талас шаардык АШКнын 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 15 Талас шаарынын № 6108 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө токтому жокко чыгарылсын.
2) "Ата-Мекен", "Мекен Ынтымагы" жана "Авангард" саясий партияларынын өкүлдөрү тарабынан шайлоо мыйзамын бузуулар жөнүндө материалдар тийиштүү иликтөөнү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилсин.
3) Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. Бакай-Ата районунун Орок, Боо-Терек, Миң-Булак, Бакай-Ата, Акназаров, Шадыкан, Кең-Арал, Өзгөрүш, Ак-Дөбө айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.
Бакай-Ата районунун Орок, Боо-Терек, Миң-Булак, Бакай-Ата, Акназаров, Шадыкан, Кең-Арал, Өзгөрүш, Ак-Дөбө айылдык кеңештеринин депутаттарынын шайлоонун натыйжалары жана жыйынтыктары жөнүндө протоколу бекитилсин.
4. Кара-Буура районунун Көк-Сай, Маймак, Ак-Чий, Бакайыр, Аманбаев, Чолпонбай, Кара-Буура айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.
1) Кара-Буура районунун № 6031 шайлоо участогунун айрым мүчөлөрү тарабынан шайлоо мыйзамын бузуу жөнүндө материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилсин.
2) Кара-Буура районунун Көк-Сай, Маймак, Ак-Чий, Бакайыр, Аманбаев, Чолпонбай, Кара-Буура айылдык кеңештеринин депутаттарынын шайлоонун натыйжалары жана жыйынтыктары жөнүндө протоколдору бекитилсин.
5. Манас районунун Кайыңды, Покровка, Үч-Коргон, Май, Кыргызстан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.
Манас районунун Кайыңды, Покровка, Үч-Коргон, Май, Кыргызстан айылдык кеңештеринин депутаттарынын шайлоонун натыйжалары жана жыйынтыктары жөнүндө протоколдору бекитилсин.
6. Талас районунун Көк-Ой, Бердике Баатыр, А.Нуржанов, Долон, Калба, Жергетал, Кара-Суу, У.Омуралиев, Бекмолдо, Арал, Кууганды, Р.Айдаралиев, И.Осмонкулов айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.
1) Талас районунун № 6084, № 6090, № 6098 шайлоо участокторунун мүчөлөрү тарабынан шайлоо мыйзамын бузуу материалдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилсин.
2) Талас районунун Көк-Ой, Бердике Баатыр, А.Нуржанов, Калба, Жергетал, Кара-Суу, У.Омуралиев, Бекмолдо, Арал, Кууганды, Р.Айдаралиев, И.Осмонкулов айылдык кеңештеринин депутаттарынын шайлоонун натыйжалары жана жыйынтыктары жөнүндө протоколу бекитилсин.
7. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына төмөндөгү талапкерлер жергиликтүү кеңештердин депутаты болуп шайланды деп эсептелсин (2-тиркеме).
Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
8. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо БШК төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|