Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 29-апрели № 174-б
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз мал чарба, ветеринария жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз мал чарба, ветеринария жана жайыттар илимий-изилдөө институтуна белгиленген тартипте төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- кызматтык автомашиналарды тиркемеге ылайык эсептен чыгарууга;
- 2008-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жана "Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана аткаруу бийлигинин башка органдарында кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 токтомуна ылайык бир кызматтык автомашина сатып алууга.
2. Эсептен чыгарылган автотранспорттун жарактуу түйүндөрү жана агрегаттары кампага кириштелсин жана автотранспортту эксплуатациялоодо пайдаланылсын, ал эми калган бөлүктөрү металл сыныктарына тапшырылсын.
3. Металл сыныктарын тапшыруудан түшкөн акча каражаты республикалык бюджеттин кирешесине которулсун.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги № 174-б буйругуна тиркеме |
┌─┬──────┬──────┬──────┬────┬───────┬───────┬──────┬──────┬──────┬────┐
│№│Транс-│Транс-│ Мам. │Чы- │ Кый- │ Шасси-│ Тех. │Жүрү- │Бал- │Амо-│
│ │порт- │порт- │номери│uf │ мыл- │номери │ пас │ шү │анс- │рти-│
│ │ тун │тун │ │рыл │даткыч │ │ порт-│ (км) │ тык │за- │
│ │тиби │мар- │ │ган │номери │ │ тун │ │наркы │ция-│
│ │ │касы │ │жыл │ │ │ номе-│ │(сом) │лык │
│ │ │ │ │ │ │ │ ри │ │ │эски│
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │риши│
├─┼──────┼──────┼──────┼────┼───────┼───────┼──────┼──────┼──────┼────┤
│1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │ 10 │ 11│
├─┼──────┼──────┼──────┼────┼───────┼───────┼──────┼──────┼──────┼────┤
│1│Авто- │ПАЗ- │216 SC│1988│ 162188│8800127│ВИ │365780│ 22000│100%│
│ │бус │672 М │ │ │ │ │286334│ │ │ │
├─┼──────┼──────┼──────┼────┼───────┼───────┼──────┼──────┼──────┼────┤
│2│Жеңил │ВАЗ- │1402 │1978│3237806│2789383│АВ │320070│106800│100%│
│ │ │21011 │SA │ │ │ │264958│ │ │ │
├─┼──────┼──────┼──────┼────┼───────┼───────┼──────┼──────┼──────┼────┤
│3│Жүк │ГЗСА- │4313 │1991│ 270916│1289240│ВА │232247│ 9800│100%│
│ │ташуу-│950 │ВА │ │ │ │296452│ │ │ │
│ │чу │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
└─┴──────┴──────┴──────┴────┴───────┴───────┴──────┴──────┴──────┴────┘
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри |
М.Исмаилов |