Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 7-майы № 193-б
1. Баткен облустук "Баткен Таңы" гезитинин редакциясына белгиленген тартипте төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- 2000-жылы чыгарылган, кыймылдаткыч № 6703938, кузов № 1882127 "ВАЗ-2107" маркасындагы жана 1996-жылы чыгарылган, кыймылдаткыч № 182312, шасси маркасы KLAJF19WITB109808 "ДЭУ-ЭСПЕРО" маркасындагы автомашиналарын сатууга;
- бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомобилдерди сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык бир автотранспорт сатып алууга.
2. Баткен облустук "Баткен Таңы" гезитинин редакциясынын балансындагы автомашиналарды сатуу жана баалоо "Менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 токтому менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатуу тартиби жана алардын наркын баалоо методикасы жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Баткен облусунун мамлекеттик администрациясына жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |