Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 13-июну № 289-б
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаар өкмөтүнө белгиленген тартипте:
- 1987-жылы чыгарылган, кузов № 531980, кыймылдаткыч № 12210049912, иштебеген абалдагы "Мерседес" маркасындагы жеңил автомашинаны сатууга;
- кызматтык максатка пайдалануу үчүн жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен бир жеңил автомашина алууга уруксат берилсин.
2. Автомашинаны сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 "Менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын (номерлүү агрегаттарды) сатуу жана алардын наркын баалоо методикасы жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылсын.
3. Жеңил автомашина сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Чүй облусунун мамлекеттик администрациясына жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |