Редакцияот 17.06.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 17-июну № 292-б

Кызматтык жеңил, операциялык жана атайын машиналарды пайдаланууну тартипке салуу, ошондой эле бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдалануу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полицияга төмөнкүлөргө уруксат берилсин:

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2002-жылдын 8-октябрындагы № 285-П приказы менен бекитилген "Бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда жараксыз абалга келген имараттарды, курулмаларды, машиналарды, жабдууларды, транспорт каражаттарды жана негизги каражаттарга таандык башка мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө" нускаманын талаптарына ылайык, № 1 тиркемеге жараша белгиленген тартипте автотранспорт каражаттарды эсептен чыгарууга;

- автотранспорт каражаттарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 "Менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын (номерлүү агрегаттарды) сатуу жана алардын наркын баалоо методикасы жөнүндө жобонун талаптарына ылайык, № 2 тиркемеге жараша сатууга;

- эсептен чыгарылган жана сатылган автомашиналардын ордуна кызматтык жана операциялык максаттарда пайдалануу үчүн жеңил автомашиналарды жана атайын автомашиналарды "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 591 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү, укук коргоо органдарындагы жана жергиликтүү сотторундагы кызматтык жеңил, атайын жана нөөмөттүк авто машиналарды пайдаланууну тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык сатып алууга.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция белгиленген тартипте:

- эсептен чыгарылган автомашиналардын жарактуу агрегаттарын жана запастык тетиктерин жүгүртүү кампаларына кириштесин жана кызматтык автомашиналарды эксплуатациялоодо пайдалансын;

- транспорт каражаттарды сатуудан түшкөн акча каражатты республикалык бюджетке которсун.

 

Премьер-министр

И.Чудинов