Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 4-июлундагы № 318-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-августу № 459-б
"Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын үчүнчү мезгилдүү баяндамасына БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитетинин корутунду сунуштарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 387 токтомуна ылайык:
1. Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын үчүнчү мезгилдүү баяндамасына БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитетинин корутунду сунуштарын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын аткарылышын мониторингдөө жана баалоо жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу комиссия (мындан ары - комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук кеңештин жооптуу катчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жаштар, гендердик саясат, дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
- Бишкектеги ОБСЕ борборунун адам укугу боюнча улук кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
- БУУнун системасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координаторунун алдындагы БУУдагы Өнүктүрүүнүн аялдар фондусунун (ЮНИФЕМ) гендердик теңчилик боюнча кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
- "Сорос-Кыргызстан" фондунун укуктук программасынын директору (макулдашуу боюнча);
- "Аялдарга жардам берүү борбору" республикалык өкмөттүк эмес уюмдун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
- "Кыргызстан аялдарынын өкмөттүк эмес уюмдарынын форуму" коомдук бирикменин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- гендер маселелери боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
2. Комиссия зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
3. Комиссиянын ишин уюштуруу-усулдук жана башка менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |