Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 4-июлу № 318-б
Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу
жөнүндө БУУнун конвенциясынын ченемдерин аткаруу
боюнча Кыргыз Республикасынын төртүнчү мезгилдүү
баяндамасын даярдоо максатында ведомстволор аралык
комиссия түзүү жөнүндө
Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын төртүнчү мезгилдүү баяндамасын даярдоо максатында:
1. Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын төртүнчү мезгилдүү баяндамасын (мындан ары - Баяндама) даярдоо максатында ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын социалдык маселелерди тейлеген орун басары;
Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын социалдык маселелерди тейлеген орун басары;
Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын социалдык маселелерди тейлеген орун басары;
Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын социалдык маселелерди тейлеген орун басары;
Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын социалдык маселелерди тейлеген орун басары;
Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын социалдык маселелерди тейлеген орун басары;
Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын социалдык маселелерди тейлеген орун басары;
Бишкек шаарынын социалдык маселелерди тейлеген вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын социалдык маселелерди тейлеген вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарындагы ОБСЕ борборунун адам укуктары боюнча улук кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстан-Сорос" фондунун укуктук программасынын директору (макулдашуу боюнча);
"Аялдарга жардам берүү борбору" коомдук бирикменин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстандын ишкер аялдарын колдоо ассоциациясы - WESА" коомдук бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча);
гендер маселелери боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
2. Комиссия зарыл болгон учурда жумушчу топ түзүүгө, мамлекеттик органдардын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
3. Комиссия Баяндаманын долбоорун даярдоо үчүн республиканын министрликтеринен, административдик ведомстволорунан, башка мамлекеттик органдардан жана облустук мамлекеттик администрациялардан зарыл маалыматтарды жана материалдарды сурап алууга укуктуулугу аныкталсын.
4. Комиссия 2012-жылдын 15-октябрына чейинки мөөнөттө Баяндаманын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-августундагы № 459-р буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |