КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 27-августу № 479-б
Тарифтик саясат жана калкты социалдык жактан коргоо маселелери боюнча макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу максатында:
1. Тарифтик саясат жана калкты социалдык жактан коргоо маселелери боюнча макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык эксперттик кеңеш тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Тарифтик саясат жана калкты социалдык жактан коргоо маселелери боюнча макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык эксперттик кеңеш жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 479-б буйругуна тиркеме |
Тарифтик саясат жана калкты социалдык жактан коргоо
маселелери боюнча макулдашылган чечимдерди иштеп
чыгуу боюнча ведомстволор аралык эксперттик кеңештин
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары, Кеңештин төрагасы.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Региондук саясат башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Иш берүүчүлөр улуттук конфедерациясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Майып аялдар республикалык көз карандысыз ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
"Кары-картаңдар үчүн ресурстук борбор" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Социалдык жактан коргоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү башкы башкармалыгынын начальниги.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |