Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 24-январы № 24-б
"Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 токтому менен бекитилген Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобонун 4.3-пунктуна ылайык:
1. Тиркелген: Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик республикалык комиссиясынын 2008-жылдын 29-сентябрындагы № 5, 2008-жылдын 27-октябрындагы № 6, 2008-жылдын 31-октябрындагы № 7 жана 2008-жылдын 12-ноябрындагы № 8 отурумдарынын протоколдоруна ылайык 2009-жылдын түшүмү үчүн күздүк айдоого процентсиз товардык кредит тартибинде республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө берүү үчүн үрөнчүлүк чарбалардын жана башка чарбакер субъекттердин бюджеттик ссудалар жана Япония Өкмөтүнүн Гранттары боюнча карызды жоюунун эсебине айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөнүнүн республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн бөлүштүрүү бекитилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 24-б буйругу менен бекитилген |
┌────────────────┬─────────┬──────────────────────────────────────────┐
│ Облустардын │ Өсүмдүк │ Бөлүнгөн үрөн, тонна менен │
│ аталышы │ түрлөрү ├───────┬───────┬────────┬───────┬─────────┤
│ │ │29.09. │27.10. │31.10. │12.11. │ Бардыгы │
│ │ │2008- │2008- │2008- │2008- │ │
│ │ │жылдагы│жылдагы│жылдагы │жылдагы│ │
│ │ │№ 5 │№ 6 │№ 7 │№ 8 │ │
│ │ │прото- │прото- │прото- │прото- │ │
│ │ │колго │колго │колго │колго │ │
│ │ │ылайык │ылайык │ылайык │ылайык │ │
├────────────────┼─────────┼───────┼───────┼────────┼───────┼─────────┤
│Баткен │буудай │ 16,53 │ 15,0 │ 23,1 │ │ 54,6 │
├────────────────┼─────────┼───────┼───────┼────────┼───────┼─────────┤
│Жалал-Абад │буудай │189,15 │ 219,4 │ 337,5 │ 55,1 │ 801,15 │
├────────────────┼─────────┼───────┼───────┼────────┼───────┼─────────┤
│Ысык-Көл │буудай │ 39,4 │ - │ 23,6 │102,9 │ 165,9 │
├────────────────┼─────────┼───────┼───────┼────────┼───────┼─────────┤
│Ош │буудай │ │ 90,0 │ 2,3 │ 51,15 │ 143,45 │
├────────────────┼─────────┼───────┼───────┼────────┼───────┼─────────┤
│Талас │буудай │ 44,3 │ 64,2 │ 14,6 │ - │ 123,1 │
├────────────────┼─────────┼───────┼───────┼────────┼───────┼─────────┤
│Чүй │буудай │ 83,6 │ 349,1 │ 212,5 │155,4 │ 800,6 │
├────────────────┼─────────┼───────┼───────┼────────┼───────┼─────────┤
│Чүй │арпа │ 8,0 │ - │ - │ 4,5 │ 12,5 │
├────────────────┼─────────┼───────┼───────┼────────┼───────┼─────────┤
│Республика │буудай │372,98 │ 737,7 │ 613,6 │364,55 │ 2088,83 │
│боюнча ├─────────┼───────┼───────┼────────┼───────┼─────────┤
│ │арпа │ 8,0 │ - │ - │ 4,5 │ 12,5 │
│ ├─────────┼───────┼───────┼────────┼───────┼─────────┤
│ │Кылкандуу│380,98 │ 737,7 │ 613,6 │369,05 │ 2101,33 │
│ │дан │ │ │ │ │ │
│ │өсүмдүк- │ │ │ │ │ │
│ │төрүнүн │ │ │ │ │ │
│ │бардыгы │ │ │ │ │ │
└────────────────┴─────────┴───────┴───────┴────────┴───────┴─────────┘