Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 4-сентябры № 376-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 2-октябры № 560-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 498 "Инфоком" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын иштөөсү үчүн шарттарды түзүү жана аны кызматтык жайлар менен камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жана кармоо боюнча департамент Бишкек шаары, Манас проспекти, 28 дареги боюнча жайгашкан администрациялык имараттан № 1016, № 103, № 109, № 111, № 110 (110/1, 110/2, 110/3, 110/4, 110/5, 110/6) кабинеттерин жана бир подвалдык жайды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасына коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөтүп, акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында берсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |