Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 19-январындагы № 16-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 13-апрели № 157-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 132 "Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолдорду куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 203 "Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолдорду куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык, "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында:
1. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын аймагында "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашыруу жүктөлсүн.
2. "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча кытай жана өзбек тараптар менен сүйлөшүү процесстери "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусу менен жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. Кыргыз жана өзбек тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында биргелешкен изилдөөлөрдү, долбоор алдындагы жана/же долбоордук иштерди жүргүзүү үчүн төмөнкүдөй курамда кыргыз эксперттик тобу (мындан ары - Эксперттик топ) түзүлсүн:
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору, Эксперттик топтун жетекчиси,
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары,
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары,
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу башкармалыгынын начальниги,
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу башкармалыгынын долбоорлоо бөлүмүнүн башчысы,
"Трансдолбоор" ТОО долбоорунун башкы инженери (макулдашуу боюнча).
4. Эксперттик топтун иштерин координациялоо боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри,
Кыргыз Республикасынын финансы министри,
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору,
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик ишканалары жана уюмдары Эксперттик топтун суроо-талабы боюнча белгиленген тартипте зарыл маалыматтарды беришсин жана Эксперттик топтун иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн эксперттерди жана адистерди жиберишсин.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 99-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 100-б буйругу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 528-б буйругу.
Премьер-министр
| И.Чудинов |