Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 29-октябрындагы № 156-р буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 19-январы № 16-б
Кыргыз Реслубликасынын Президентинин 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 132 "Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолдорду куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына ылайык "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында:
1. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын аймагында "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашыруу жүктөлсүн.
2. "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча кытай жана өзбек тараптар менен сүйлөшүү процесстери "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусу менен жүргүзүлөөрү аныкталсын.
3. Кыргыз жана өзбек тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында биргелешкен изилдөөлөрдү, долбоор алдындагы жана/же долбоордук иштерди жүргүзүү үчүн төмөнкүдөй курамда кыргыз эксперттик тобу (мындан ары - Эксперттик топ) түзүлсүн:
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору, Эксперттик топтун жетекчиси;
"Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун финансылык директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы иштер министринин орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министринин орун басары;
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу башкармалыгынын начальниги;
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу башкармалыгынын долбоорлоо бөлүмүнүн башчысы;
"Трансдолбоор" ТОО долбоорунун башкы инженери (макулдашуу боюнча).
4. Эксперттик топтун иштерин координациялоо боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы иштер министри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри;
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтери, администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик ишканалары жана уюмдары Эксперттик топтун суроо-талабы боюнча белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматтарды беришсин жана Эксперттик топтун иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн эксперттерди жана адистерди жиберишсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-апрелиндеги № 157-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|