Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-апрели № 194-б
"Кыргыз Республикасында Ош-Баткен-Исфана жолун реабилитациялоо" долбоорунун артыкчылыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-майындагы № 58 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-майындагы № 249 Жарлыгы менен бекитилген 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясынын 76 жана 81-пункттарына ылайык, Ош-Баткен-Исфана автожолунун артыкчылыктуу участокторун курууга эл аралык инвестицияларды тартуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолун реабилитациялоо долбоору боюнча гранттык элементти эсептөөдө бул долбоорго тартылган бардык инвестицияларды эсепке алсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолун реабилитациялоо долбоорунун алкагында, консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана курулуш жумуштарын аткарууну сатып алууларды ар бир донор банк менен түзүлгөн Макулдашууда каралган жол-жоболорго ылайык ишке ашырышсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |