Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 2-июну № 258-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-майындагы № 249 Жарлыгы менен бекитилген 2007-2010-жылдарга Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын 76 жана 81-пункттарына ылайык, Бишкек шаарында суу менен камсыз кылуу кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу үчүн эл аралык инвестицияларды тартуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Бишкек шаарында суу менен камсыз кылуу кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртууга багытталган долбоорлор боюнча гранттык элементти эсептөөдө ушул багытта тартылган бардык инвестицияларды эсепке алсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы, "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү, товарларды жана курулуш иштерин сатып алууну Бишкек шаарында суу менен камсыз кылуу кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртууга багытталган долбоорлордун алкагында ар бир донор менен түзүлгөн макулдашууларда каралган жол-жоболор боюнча жүргүзсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |