Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-апрели № 68
2016-жылдын 27-мартындагы Чүй облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 86 токтомуна ылайык бул токтомдун Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешинин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколунун, Джумаза Салима Маровнаны көрсөтүлгөн айылдык кеңешинин депутаты деп табуу бөлүгү жокко чыгарылды.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 25-апрелиндеги № 90 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 6-майындагы № 96 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 23-январындагы № 16 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык, Аламүдүн районунун Арашан, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 27-мартында өткөрүлгөн.
Шайлоону өткөрүү үчүн, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинин аймагында 1 бирдиктүү шайлоо округу жана 6 шайлоо участогу, Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 1 шайлоо округу жана 1 шайлоо участогу, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участогу түзүлгөн.
Милянфан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерден түшкөн эки арызынын жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 29-мартындагы № 7 чечиминин негизинде, № 7129 участкалык шайлоо комиссиясында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын үч мүчөлөрүнүн катышуусу менен добуштарды кайталап эсептөө жүргүзүлдү.
Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык, Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо, добуш берүүнүн жыйынтыгына расмий түрдө даттануулар (арыздар) түшкөн эмес.
Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык, Аламүдүн районунун Арашан, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кемин, Аламүдүн жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык, Аламүдүн районунун Арашан, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык, Аламүдүн районунун Арашан, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык, Аламүдүн районунун Арашан, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңештеринин депутаттыгына тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп табылсын.
4. Кемин, Аламүдүн жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиялары шайланган депутаттарды каттасын жана шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берсин.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кемин, Аламүдүн жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 68 токтомуна тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынын Тизмеси
Чүй облусу
Кемин шаардык кеңеши
21 мандаттуу шайлоо округу боюнча
№ | Саясий партиясынын аталышы | № | Фамилия, аты, атасынын аты |
1 | "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы | 1 | Омурбеков Мирлан Мусабекович |
2 | Копжашаров Кыдырбек Тологонович | ||
3 | Саманчиева Эркинбубу | ||
4 | Ибраимов Рустам Тукаевич | ||
5 | Турдукожоев Максат Кубанычбекович | ||
6 | Абласова Канымбюби Акматбековна | ||
7 | Омуралиев Нурбек Жылдызевич | ||
8 | Ободов Игорь Николаевич | ||
9 | Молдоянова Чолпонай Асылташовна | ||
2 | "Республика - Ата Журт" саясий партиясы | 10 | Мамыров Кубатбек Шамырбекович |
11 | Сабралиев Бактыбек Жаныбекович | ||
12 | Дубинина Наталья Павловна | ||
13 | Шарипканов Аман Алмазбекович | ||
14 | Иманкулов Болот Турсунбекович | ||
3 | "Замандаш" саясий партиясы | 15 | Абдывалиев Кайрат Замирбекович |
16 | Токтокожоев Даир Баатырбекович | ||
17 | Молтоева Назира Эдиловна | ||
4 | "Улуу Кыргызстан" саясий партиясы | 18 | Нурсеитов Улан Медетбекович |
19 | Абдылдаев Темирлан Искендерович | ||
5 | "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы | 20 | Бакиров Улан Кундузбекович |
21 | Дырылдаев Айбек Толегенович |
Аламүдүн району
Арашан айылдык кеңеши
11 мандаттуу шайлоо округу боюнча
№ | Шайланган депутаттарынын фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштардын саны |
1 | Коеналиев Жоошбек Кармышович | 453 |
2 | Карагулов Кубанычбек Кыдыргычевич | 399 |
3 | Дрокина Валентина Федоровна | 389 |
4 | Кожокбеков Капарбек Токтобекович | 378 |
5 | Адашпасов Тюлен Аскарович | 375 |
6 | Коенбаев Асланбек Джекшенович | 352 |
7 | Артыков Чынгыз Медетбекович | 341 |
8 | Бейшеев Самат Чоробекович | 341 |
9 | Сармамбетов Сангытбек Асаналиевич | 308 |
10 | Толомушев Бакытбек Султанбекович | 307 |
11 | Керимбеков Бакытбек Жилкибаевич | 297 |
Ысык-Ата району
Милянфан айылдык кеңеши
7 мандаттуу шайлоо округу боюнча
№ | Шайланган депутаттарынын фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштардын саны |
1 | Маджун Юнус Ихакиевич | 252 |
2 | Вуджинью Гульнара Салировна | 220 |
3 | Болода Сулейман Салирович | 189 |
4 | Джумаза Салима Маровна КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 86 токтомуна ылайык бул токтомдун Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешинин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколунун, Джумаза Салима Маровнаны көрсөтүлгөн айылдык кеңешинин депутаты деп табуу бөлүгү жокко чыгарылды. | 188 |
5 | Губеза Нурдин Харзанович | 186 |
6 | Давуза Салир Леджебуевич | 181 |
7 | Хавазова Халима Мухамедовна | 174 |
Милянфан айылдык кеңеши
4 мандаттуу шайлоо округу боюнча
№ | Шайланган депутаттарынын фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштардын саны |
1 | Вудунлар Керимджан Мугазович | 149 |
2 | Кунтубаев Анвар Аскарбекович | 137 |
3 | Юбуза Рашид Сульманеевич | 130 |
4 | Сыхуза Рахим Ягубович | 121 |