Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 90
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Аймактык шайлоо комиссиялардын "Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү" 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
4. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары А.Джолбуновго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Шайымкулова |
|
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Арашан айылдык | Коеналиев Жоошбек Кармышович | Өз арызы | |
2 | Лебединовка айылдык | Джанаев Болотбек Нуркиязович | Өлгөндүгунө байланыштуу | |
Ысык-Ата району | ||||
3 | Милянфан айылдык | Джумаза Салима Маровна | Пассивдүү шайлоо укугу жок | |
Кара-Балта шаары | ||||
4 | Кара-Балта шаардык | Аманбаев Айбек Таджикович ("Республика" саясий партиясы) | Өз арызы | |
Токмок шаары | ||||
5 | Токмок шаардык | Сутенова Анаркул Кояйовна ("Кыргызстан" саясий партиясы) | Өз арызы | |
6 |
| Чокеев Кайрат Кубанычбекович ("Кыргызстан" саясий партиясы) | Өз арызы | |
7 |
| Кожоматова Г ульжан Мукаевна ("Кыргызстан" саясий партиясы) | Өз арызы | |
8 |
| Тажиев Марат Болотбекович ("Кыргызстан" саясий партиясы) | Өз арызы | |
9 |
| Исмаилов Арли Сардиевич ("Кыргызстан" саясий партиясы) | Өз арызы | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ноокен району | ||||
10 | Масы айылдык | Атабаев Дилшодбек Айдаралиевич | Өлгөндүгүнө байланыштуу | |
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол шаары | ||||
11 | Каракол шаардык | Маанаев Токтобай Исраилович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен шайкеш келбеген кызмат ордун ээлегендигине байланыштуу | |
Жети-Өгүз району | ||||
12 | Ак-Шыйрак айылдык | Сатылканова Нуржамал Нурбековна | Өз арызы | |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
13 | Бешкент айылдык | Камалова Саида Жамалдиновна | Өз арызы | |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 25-апрелиндеги № 90 токтомунун 2-тиркемеси |
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. | Ээлеген кызматы, кызмат орду | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Арашан айылдык | Макеева Динар Абдыбековна | Убактылуу иштебейт | № 6, 12.04.2016-ж. |
2 | Лебединовка айылдык | Термечиков Кыдыбай Дуйшекеевич | Убактылуу иштебейт | № 9, 20.04.2016-ж. |
Ысык-Ата району | ||||
3 | Милянфан айылдык | Мачан Шамиль Ламзарович | Дыйкан чарба, мүчө | № 8, 20.04.2016-ж. |
Кара-Балта шаары | ||||
4 | Кара-Балта шаардык | Тортаев Ерлан Сагынбекович ("Республика" саясий партиясы) | "Кыргызстан" КБнын Кара-Балтадагы филиалы, директор | № 4, 21.04.2016-ж. |
Токмок шаары | ||||
5 | Токмок шаардык | Каптагаева Гульшат Эшембековна ("Кыргызстан" саясий партиясы) | Жеке ишкер | № 19, 22.04.2016-ж. |
6 |
| Курманов Бакыт Абдыкайыпович ("Кыргызстан" саясий партиясы) | Жеке ишкер | |
7 |
| Ложаров Сулайман Даурович ("Кыргызстан" саясий партиясы) | Чүй райондук аймактык оорукана, дарыгер | |
8 |
| Таманбаев Рауль Джусупович ("Кыргызстан" саясий партиясы) | Убактылуу иштебейт | |
9 |
| Кочкорбаев Кубанычбек Төлөбекович ("Кыргызстан" саясий партиясы) | "Тынай-Секьюрити" ЖЧК, коопсуздук кызматынын башчысы | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ноокен району | ||||
10 | Масы айылдык | Абласанов Эмилбек Эшенкулович | Жеке ишкер | № 4, 15.04.2016-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол шаары | ||||
11 | Каракол шаардык | Иманакунов Ургазы Жолдошович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | "Каракол техосмотрсервис" ЖЧК, техн. менеджер | № 39, 18.04.2016-ж. |
Жети-Өгүз району | ||||
12 | Ак-Шыйрак айылдык | Кыдыралиев Акылбек Эсенканович | Дыйкан чарба, мүчө | № 13, 6.04.2016-ж. |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
13 | Бешкент айылдык | Мусаев Мурзакул Исакович | Лейлек РЭС, контролер | № 15, 15.04.2016-ж. |