Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-апрели № 70
2016-жылдын 27-мартындагы Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент жана Маргун айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 25-апрелиндеги № 90 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 23-январындагы № 16 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент жана Маргун айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 27-мартында өткөрүлгөн.
Шайлоону өткөрүү үчүн, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык, Лейлек районунун Бешкент айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 4 шайлоо округу жана 5 шайлоо участогу, Маргун айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 3 шайлоо округу жана 3 шайлоо участогу түзүлгөн.
Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент жана Маргун айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо, добуш берүүнүн жыйынтыгына даттануулар (арыздар) түшкөн эмес.
Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент жана Маргун айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент жана Маргун айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент жана Маргун айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент жана Маргун айылдык кеңештеринин депутаттыгына тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп табылсын.
4. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы шайланган депутаттарды каттасын жана шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берсин.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Лейлек аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерине жиберилсин.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Джолбуновго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 70 токтомуна тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынын тизмеси
Баткен облусу, Лейлек району
Бешкент айылдык кеңеши
4 мандаттуу № 1 "Андархам" шайлоо округу боюнча
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштардын саны |
1 | Темиров Рустамхон Нуманович | 301 |
2 | Султонов Рустам Тошхужаевич | 274 |
3 | Ёрматов Сапарбай Аширович | 234 |
4 | Шакиров Ойбек Додажанович | 166 |
9 мандаттуу № 2 "Бешкент" шайлоо округу боюнча | ||
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштардын саны |
1 | Суннатуллаева Зиёда Нематуллаевна | 558 |
2 | Нематжонов Холматжон Собиржонович | 556 |
3 | Акбаров Каюмхон Жораханович | 550 |
4 | Мусаев Кубатбек Ибрагимович | 442 |
5 | Камалова Саида Жамалдиновна | 442 |
6 | Аслонова Тухтанисо Мамаразаевна | 405 |
7 | Тухтасинова Шохиста Халмуратовна | 395 |
8 | Баховотдинов Орифхужа Турдухожаевич | 377 |
9 | Махадинов Саидахмадхон Охунхужаевич | 357 |
5 мандаттуу № 3 "Кайрагач" шайлоо округу боюнча | ||
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштардын саны |
1 | Холматов Таиржон Ибраимжанович | 509 |
2 | Нажмиддинов Шоиржон Ахмаджонович | 456 |
3 | Аслонов Жахонгир Хасанович | 339 |
4 | Абдавалиев Абдижаббор Халилович | 319 |
5 | Мадеминов Акрамжон Исраилович | 305 |
3 мандаттуу № 4 "Эски-Овчу" шайлоо округу боюнча | ||
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштардын саны |
1 | Нажмиддинов Мирхошим Раимжонович | 211 |
2 | Усманов Раимберди Кадырович | 198 |
3 | Абдулаков Зафаржан Рахматжанович | 197 |
Маргун айылдык кеңеши 2 мандаттуу № 1 "Дархум" шайлоо округу боюнча | ||
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштардын саны |
1 | Арзыбаев Калыкул Эралиевич | 93 |
2 | Сыдыков Абдибали Дүйшабаевич | 84 |
7 мандаттуу № 2 "Маргун" шайлоо округу боюнча | ||
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштардын саны |
1 | Айдаров Султанмурат Алибайевич | 262 |
2 | Абдухамитов Мухтар Курбонбоевич | 239 |
3 | Каримова Айжума Мамытовна | 218 |
4 | Бекбаев Артыкбай Турдубекович | 213 |
5 | Жалилов Шайбек Коңурбаевич | 194 |
6 | Халжигитов Өмүрбек Бабараимович | 179 |
7 | Туркбаев Рахим Тухташович | 178 |
2 мандаттуу № 1 "Чурбек" шайлоо округу боюнча | ||
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштардын саны |
1 | Сапаров Иманали Мурзапарович | 126 |
2 | Абдалиев Исмаил Ибраимович | 119 |