Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-декабры № 681-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмү" деген сөздөр алып салынсын;
- аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 681-б буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - ЕврАзЭСтеги атайын өкүл, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялык кеңештин Секретариатынын жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин лицензиялык иштерди жөнгө салуу жана жөнгө салуучу таасирди талдоо башкармалыгынын начальниги, комиссиянын катчысы.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иштер кызматынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана башка мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариатынын Эксперттик-аналитикалык камсыз кылуу кызматынын мониторинг жана баалоо тобунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын администрациялык реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук колдоо бөлүмүнүн башчысы;
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргызстандын Ишкерлер союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын Рыноктор, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын Курулушчулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Менеджерлер ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын Банктар союзунун президенти (макулдашуу боюнча);
Бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча ЮСАИД долбоорунун директору (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси |
А.Карашев |