Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 29-декабры № 731-б
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 89-б буйругунун редакциясына ылайык)
Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын реформалоо жана эмгек акы төлөө жаатындагы нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары.
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын статс-катчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо белүмүнүн эксперта.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 89-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Ведомстволор аралык комиссия үч айлык мөөнөттө бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын реформалоо жана эмгек акыны төлөө тармагындагы нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисине зарыл болгон учурда ведомстволор аралык комиссиянын алдында жумушчу топторду түзүүгө жана белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 272-6 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|