Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 11-сентябры № 389-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 12-январы № 1-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 475-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Айылды ичүүчү суу менен жабдуу жана санитария чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча координациялык кеңештин курамы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - ЕврАзЭСтин атайын өкүлү, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары башкы мамлекеттик санитардык врач;
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинин алдындагы "Ирригация" мамлекеттик ишканасынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Муниципалитеттер ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча)";
4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- аталган буйрук менен бекитилген Айылды ичүүчү суу менен жабдуу жана санитария чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобонун 13-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин алдындагы Айылды суу менен жабдуу департаменти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстарынын алдындагы "Ирригация мамлекеттик ишканасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|