Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 11-сентябрь № 389-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 37-б буйругунун редакциясына ылайык)
Калктын коопсуз ичүучү суу менен камсыздалышын жогорулатуу, ичүучү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу, ошондой эле экономиканын ушул тармагындагы министрликтерди жана ведомстволорду координациялоону күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Ичүучү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча координациялык комиссия (мындан ары - Координациялык комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Координациялык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Координациялык комиссиянын жумушчу органы болуп аныкталсын.
4. Күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 475-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-январындагы № 1-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-мартындагы № 65-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 608-б буйругу.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11 сентябрындагы № 389-р буйругуна 1-тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 37-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Координациялык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, Координациялык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Координациялык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Республикалык ичүүчү сууну керектөөчүлөр союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11 сентябрындагы № 389-р буйругуна 2-тиркеме |
1. Ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча координациялык комиссия (мындан ары - Координациялык комиссия) кызыкдар мамлекеттик органдардын. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону камсыздоо максатында түзүлгөн координациялык орган болуп саналат.
2. Координациялык комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
3. Координациялык комиссиянын иши коомдук башталыштарда жүзөгө ашырылат.
4. Координациялык комиссия кабыл алган чечимдер жыйындардын протоколдору менен таризделет жана мыйзамда башкача каралбаса, анда бардык аткаруу бийлик органдары учун сунуштамалык мунөзгө ээ болот.
5. Координациялык комиссиянын иши төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- Координациялык комиссиянын ишине байланыштуу маселелерди өз жыйындарында коллегиялуу, эркин жана ачык талкуулоонун;
- ичүүчү суу менен камсыздоо. саркынды сууларды чыгаруу жана санитария чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлор боюнча иш-чаралардын пландарын жүзөгө ашырууда министрликтер, ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташтыктын.
6. Координациялык комиссиянын негизги максаты болуп ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлордун жогорку натыйжалуулугуна жетишүү үчүн министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштурууну колдоо жана аларга көмөк көрсөтүү эсептелет.
7. Координациялык комиссиянын негизги милдети болуп министрликтердин. ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашылган иш-аракеттерин координациялоо жана иштеп чыгуу. ошондой эле ичүүчу суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелери боюнча ыкчам өз ара аракеттенууну жана мониторинг жүргүзүүнү камсыздоо саналат.
8. Координациялык комиссия белгиленген максаттарына жетишүү жана милдеттерди аткаруу учун төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- ар бир долбоор боюнча өз-өзүнчө жылдык инвестициялык пландарды карайт:
- министрликтердин. ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария чөйрөсүндөгү иштеринин жүрүшү жөнүндө отчётторун өз жыйындарында мезгил-мезгили менен (жылына эки жолудан кем эмес) угат;
- жогоруда аталган долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелери боюнча сунушгарды карайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- Координациялык комиссияга жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистеринин, ошондой эле илимий кызматкерлердин жана башка көз карандысыз эксперттердин ичинен жумушчу топторду түзөт;
- ичүүчу суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария чейресундегу инвестициялык пландарды жузеге ашыруу учун республикалык жана жергиликтуу бюджеттерден берилуучу материалдык жана финансылык ресурстарды, тартылган ички жана тышкы финансылык каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу женунде маалыматты сурайт;
- инвестициялык пландарды жузеге ашыруу маселелери боюнча теле жана радиопрограммаларды даярдоону уюштурат;
- ичуучу суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария чөйрөсүндөгү инвестициялык пландарды жүзөгү ашырууга мониторинг жүргүзөт.
9. Координациялык комиссия белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
- министрликтерден, ведомстволордон жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынан ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария чөйрөсүндөгү долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелери боюнча зарыл маалыматтарды суратууга;
- ичуучу суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария чөйрөсүндөгү долбоорлорду жүзөгү ашыруу жөнүндө маселелер боюнча маалыматтарды угууга жана зарыл болгон учурда белгиленген тартипте Координациялоо комиссиясынын мүчөлөрүн, министрликтердин, ведомстволордун. жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана адистерин. көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга;
- ичуучу суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария чөйрөсүндөгү инвестициялык пландардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө.
10. Координациялык комиссиянын жыйыны зарылчылыкка жараша, бирок иш планына ылайык жарым жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
11. Координациялык комиссиянын төрагасынын орун басары болот. Координациялык комиссиянын жыйынын анын төрагасы, ал жок болгон учурда - төраганын орун басары алып барат.
12. Координациялык комиссиянын чечими ачык добуш берүү менен Координациялык комиссиянын жыйынына катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. протокол менен таризделет, ага Координациялык комиссиянын төрагасы. ал жок болгон учурда - төраганын орун басары кол коёт.
13. Координациялык комиссиянын чечими, эгерде катышып олтурган анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү аны жактап добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет. Координациялык комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ болот. Добуштардын саны тен болуп калганда. төраганын добушу чечүүчү деп эсептелет.
14. Координациялык комиссиянын кезектеги отурумуна материалдар отурум башталаардан 14 күн мурун Координациялык комиссиянын мүчөлөрүнө жиберилет.
15. Координациялык комиссиянын жыйындарынын ортосундагы мезгилде Координациялык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан каралууга жана макулдашууга тийиш болгон документтер аларга почта, чабарман кызматы же байланыштын башка каражаттары аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн. Берилген документтерге корутунду Координациялык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан каралышы жана 7 иш күнүнүн ичинде Координациялык комиссияга жөнөтүлүшү керек.
16. Координациялык комиссиянын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги саналат, анын милдетине Координациялык комиссиянын жыйындарына документтерди даярдоо, маалыматтык-талдоо материалдары менен камсыздоо, сунуш кылынган материалдарды иштеп чыгуу жана жалпылоо, кабыл алынган чечимдерди тариздөө жана алардын аткарылышын контролдоону ишке ашыруу кирет.
17 Координациялык комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечиминин негизинде токтотот.