Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 11-сентябры № 389-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 27-августу № 475-б
(КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 12-январындагы № 1-б, 2010-жылдын 1-мартындагы № 65-б, 2012-жылдын 29-декабры № 608-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Айылды ичүүчү суу менен жабдуу жана санитария чөйрөсүндөгү инвестициялык программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууну ведомстволор аралык координациялоону күчөтүү максатында:
1. Айылды ичүүчү суу менен жабдуу жана санитария чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Муниципалитеттер ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча);
Республикалык Ичүүчү сууну керектөөчүлөр союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча).
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-январындагы № 1-б 2010-жылдын 1-мартындагы № 65-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Координациялык кеңеш жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 7-ноябрындагы № 418-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-январындагы № 1-б, 2012-жылдын 29-декабры № 608-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 475-б буйругу менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 12-январындагы № 1-б буйругунун
редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Координациялык кеңештин максаттары жана милдеттери
III. Координациялык кеңештин функциялары жана укуктары
IV. Координациялык кеңештин ишин уюштуруу
V. Координациялык кеңештин ишинин токтотулушу
1. Айылды ичүүчү суу менен жабдуу жана санитария чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызыкдар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону камсыз кылуу максатында түзүлгөн консультациялык-кеңешчи орган болуп саналат.
2. Координациялык кеңешинин жекече курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Координациялык кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Координациялык кеңештин иши коомдук башталыштарда жүзөгө ашырылат.
5. Координациялык кеңештин негизги максаты айылды ичүүчү суу менен жабдуу жана санитария чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлордун жогорку натыйжалуулугуна жетишүү болуп саналат.
6. Координациялык кеңештин негизги милдети бардык кызыкдар жактардын: мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айылдык ичүүчү суу менен жабдуу жана санитария чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча макулдашылган өз ара аракетин уюштуруу болуп саналат.
7. Белгиленген максаттарга жетишүү жана милдеттерди аткаруу үчүн Координациялык кеңеш төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- ар бир долбоор боюнча жылдык инвестициялык пландарды өзүнчө караштырат жана бекитет;
- өзүнүн заседаниелеринде аткаруучу агенттиктин жана долбоорлорду башкаруу бөлүмүнүн жетекчилеринин иштин жүрүшү жөнүндө отчетторун мезгил-мезгили менен (жылына кеминде эки жолу) угат;
- айылды ичүүчү суу менен жабдуу жана санитария чөйрөсүндө долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу агенттиктин сунушу боюнча борбордук деңгээлде чечүүнү талап кылган айрым проблемалуу маселелерди караштырат жана чечим кабыл алат;
- аткаруучу агенттиктин сунушу боюнча жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө маселелер боюнча сунуштарды караштырат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет.
8. Координациялык кеңеш белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу болот:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин жана көз каранды эмес эксперттерди ишке тартууга;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл маалыматты суратып алууга;
- айылды ичүүчү суу менен жабдуу жана санитария боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө маселелер боюнча өзүнүн заседаниелерине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүн чакырууга жана угууга.
9. Координациялык кеңештин заседаниеси зарылдыгына жараша өткөрүлөт, бирок иш планына ылайык жарым жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт жана заседаниеге Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан шартта укук ченемдүү деп таанылат.
10. Координациялык кеңештин заседаниесин анын төрагасы, ал эми ал жокто - төраганын орун басары алып барат.
11. Координациялык кеңештин чечими Координациялык кеңештин заседаниеге катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат, протоколдор менен таризделет, ага Координациялык кеңештин төрагасынын колу коюлат.
12. Координациялык кеңештин чечимдери рекомендациялык мүнөздө болот жана иште пайдалануу үчүн мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет.
13. Координациялык кеңештин иши анын жумушчу органы - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстарынын алдындагы "Ирригация мамлекеттик ишканасы тарабынан камсыз кылынат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-январындагы № 1-б буйругунун редакциясына ылайык)
14. Координациялык кеңеш өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечиминин негизинде токтотот.