КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 17-февралындагы № 45-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 29-октябры № 156-р
"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз жана өзбек тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында биргелешкен изилдөөлөрдү, долбоор алдындагы жана/же долбоордук иштерди жүргүзүү үчүн кыргыз эксперттик тобу (мындан ары - Эксперттик топ) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору, Эксперттик топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөр департаментинин Азиялык биринчи бөлүмдүн башчысы;
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу башкармалыгынын начальниги;
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу башкармалыгынын долбоорлоо бөлүмүнүн начальниги;
"Трансдолбоор" ТОО долбоорунун башкы инженери (макулдашуу боюнча).
2. Эксперттик топтун ишин координациялоо боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик ишканалары жана уюмдары Эксперттик топтун суроо-талабы боюнча белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматтарды беришсин жана Эксперттик топтун иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн эксперттерди жана адистерди жиберишсин.
4. "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча кытай жана өзбек тараптар менен сүйлөшүү процесстери "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен өткөрүлөөрү аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-январындагы № 16-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |