Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 16-августундагы № 39-р буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 2-февралы № 26-б
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарында тейленүүчү кызмат орундарынын жана адамдардын тизмеси;
- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарына жанаша аймакка кызматтык автомобили менен кирүү укугуна ээ кызмат адамдарынын тизмеси;
- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залында көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы төлөө боюнча нускама.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-июлундагы № 355-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-майындагы № 220-б буйругу.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 26-б буйругу менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын Президенти.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы.
3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы, анын орун басары, судьялар.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы, анын орун басары, судьялар.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчиси.
8. Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси.
9. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы иштер министри, анын орун басарлары, статс-катчы.
10. Коргонуу, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчиси.
11. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары.
12. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Өкмөттүн Аппарат жетекчиси.
13. Облустун мамлекеттик администрацияларынын башчылары жана
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери.
14. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, анын орун басарлары.
15. Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы жана аудиторлор.
16. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасы жана анын орун басарлары.
17. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы.
18. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрдык кызматынын директору жана анын орун басарлары.
19. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы жана анын орун басарлары.
20. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик финансылык полиция кызматынын төрагасы жана анын орун басарлары.
21. Кыргыз Республикасынын министрлери, алардын орун басарлары, статс-катчылары.
22. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары.
23. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары.
24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары жана орун басары.
25. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери.
26. Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын Жетекчисинин орун басары.
27. Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери.
28. Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчисинин орун басарлары.
29. Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери.
30. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын төрагалары, алардын орун басарлары, статс-катчылары.
31. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик агенттиктердин директорлору, алардын орун басарлары, статс-катчылары.
32. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы жана анын орун басарлары.
33. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директору жана анын орун басары.
34. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору жана анын орун басары.
35. Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жана анын орун басары.
36. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы жана анын орун басарлары.
37. Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун төрагасы жана анын орун басары.
38. Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин директору жана анын орун басары.
39. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы жана анын орун басары.
40. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору жана анын орун басары, статс-катчысы.
41. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директору.
42. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Депозиттерди коргоо агенттигинин директору.
43. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору.
44. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрдык кызматынын алдындагы Коррупцияны алдын алуу боюнча агенттигинин директору.
45. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин Стандарттар жана метрология институтунун директору.
46. Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин алдындагы Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин директору.
47. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясынын директору.
48. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиациялар агенттигинин директору.
49. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин командачысы.
50. Чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдардын алдында аккредитацияланган Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери, башкы консулдары.
51. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен байланыш боюнча кызматынын жетекчиси - Президенттин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү.
52. Кыргыз Республикасынын Президентинин Канцеляриясынын начальниги.
53. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бөлүмдөрүнүн башчылары жана анын орун басарлары.
54. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын сектор башчылары, мамлекеттик инспекторлор, эксперттер, референттер.
55. Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын сектор башчылары, эксперттер, референттер.
56. Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин эксперттери.
57. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу жана анын орун басарлары.
58. Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчилери, жардамчылары жана өкүлдөрү.
59. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү.
60. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчылары жана анын орун басарлары.
61. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Секретариатынын кызматынын жетекчилери.
62. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын сектор башчылары, инспекторлор, эксперттер.
63. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин кеңешчилери, жардамчылары.
64. Бишкек шаарынын шаардык сотунун төрагасы, облустук соттордун төрагалары.
65. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппарат жетекчиси жана анын орун басарлары.
66. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкаруучусу жана анын орун басарлары.
67. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси жана анын орун басарлары.
68. Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) Аппарат жетекчиси.
69. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчилери жана жардамчылары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын бөлүм, сектор башчылары.
70. Кыргыз Республикасынын экс-президенти.
71. Советтер Союзунун Баатырлары жана Социалисттик эмгектин Баатырлары.
72. Үч даражадагы Даңк орденинин ээлери.
73. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган адамдар.
74. Баатыр энелер.
75. Төмөнкүдөй мамлекеттик сыйлыктарды алган адамдар:
- 1 даражадагы "Манас" орденин;
- "Баатыр эне" орденин.
76. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти жана вице-президенти.
77. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору.
78. "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана", "Эркин Тоо" басма үйүнүн директорлору - башкы редакторлору.
79. "Кабар" Кыргыз улуттук маалыматтык агенттигинин директору.
80. Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын төрагасы.
81. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти.
82. Кыргыз Республикасынын Коомдук палатасынын төрагасы жана анын орун басары.
83. "Кыргызстан калкынын ассамблеясы" коомдук бирикмелер ассоциациясынын төрагасы.
84. Кыргыз Республикасынын азиздер жана дүлөйлөр коомунун президенти.
85. Мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ректорлору.
86. Кыргызстандын мусулмандарынын диний башкармалыгынын муфтийи.
87. Орус Православ чиркөөсүнүн Епархиясынын Орто Азия жана Бишкек архиепискобу.
88. Төмөнкү акционердик коомдорунун башкармасынын төрагалары:
- "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" ЖАКы;
- "Кыргызнефтегаз" ААКы;
- "Кыргызалтын" ААКы;
- "Кыргызгаз" ААКы;
- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКы;
- "Кыргызтелеком" ААКы.
89. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору.
90. Жогорку деңгээлдеги визиттерди даярдоо жана ишке ашыруу үчүн чет өлкөгө чыгуучу Кыргыз Республикасынын расмий делегацияларынын мүчөлөрү жана ушундай максаттар менен Кыргыз Республикасына келүүчү чет мамлекеттердин топтору.
91. Кызмат адамдарын коштоочу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 26-б буйругу менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын Президенти.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы.
3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчиси.
8. Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси.
9. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы иштер министри.
10. Коргонуу, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчиси.
11. Кыргыз Республикасынын биринчи-вице-премьер-министри.
12. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери.
13. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси.
14. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору.
15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары.