Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 5-июну № 277-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Алай районунун аймагында болгон жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" 2009-жылдын 10-январындагы № 1 токтомуна ылайык жана Ош облусунун Алай районундагы Нура айылында социалдык-маданий багыттагы объекттерди жана инженердик коммуникацияларды өз убагында куруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 токтому менен түзүлгөн атайын эсептен Ош облусунун Алай районундагы Нура айылында социалдык-маданий багыттагы объекттерди жана инженердик коммуникацияларды курууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке 30 млн. 465 (отуз миллион төрт жүз алтымыш беш) миң сом бөлүп берсин, анын ичинде:
- 4 млн. 700 (төрт миллион жети жүз) миң сом кыштак ичиндеги жолдорду курууга;
- 2 млн. 600 (эки миллион алты жүз) миң сом суу тоскуч курулмаларды курууга;
- 5 млн. 700 (беш миллион жети жүз) миң сом суу түтүктөрүн курууга;
- 2 млн. (эки миллион) сом 200 орундуу клуб курууга;
- 4 млн. 800 (төрт миллион сегиз жүз) миң сом 20 орундуу мончо курууга;
- 10 млн. 665 (он миллион алты жүз алтымыш беш) миң сом спорт залын курууга.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин катышуусу менен Нура айылында социалдык-маданий багыттагы объектилердин жана инженердик коммуникациялардын курулушун белгиленген тартипте ишке ашырсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |