Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-июну № 311-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 547 "Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имараттарынын комплексин куруу жөнүндө" токтомун ишке ашырууга байланыштуу маселелерди чечүү максатында:
1. 2009-жылдын 23-26-июнунда Анкара шаарына (Түркия Республикасы) тиркемеге ылайык курамдагы ведомстволор аралык комиссия (мындан ары Комиссия) жиберилсин.
2. Комиссиянын Анкара шаарына барышына байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык жиберчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги Комиссиянын Анкара шаарындагы ишин жумушка керектүү документтер менен камсыздасын жана Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү жана долбоордук жумуштарды жүргүзүүчү түркиялык компания менен элчиликтин имаратынын комплексин курууну талкуулоо боюнча жолугушууларын уюштурсун.
4. Комиссия 2009-жылдын 6-июлуна чейинки мөөнөттө иштин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте сунуштарды киргизсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июнундагы № 311-б буйругуна тиркеме |
Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси;
Нарбаев К.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Суванов Э.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин "Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын башкы директору;
Омокеев А.Т. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин кеңешчиси;
Кадыркулов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин "Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын укуктук жана жалпы маселелер боюнча бөлүмүнүн начальниги.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министри Н.Айтмурзаев