Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 259 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 2-октябры № 547
Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имараттарынын комплексин куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2007-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Өз элчиликтеринин кыймылсыз мүлктөрү боюнча макулдашуунун күчүнө киришине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрүнүн Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имараттарынын комплексин куруу методдоруна жана механизмдерине карата Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен болгон сүйлөшүүлөрү жөнүндө ушул токтомго тиркелген отчету көңүлгө алынсын.
2. Анкара шаарында (Түркия Республикасы) Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имараттарынын комплексин куруу жана аталган курулушту контролдоочу консультантты аныктоо боюнча кыргыз-түрк биргелешкен тендерлик комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
3. Кыргыз-түрк биргелешкен тендерлик комиссиянын кыргыз бөлүгү ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн тендерлик комиссиянын Түркия Республикасынын аймагында өткөрүлчү жыйынына катышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги:
- Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчисинин резиденциясы жана Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлери үчүн 8 квартиралуу турак үй менен кошо Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имаратынын түркиялык компания даярдаган долбоорун 2008-жылдын 10-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин;
- бул токтомдун 3-пунктунда аталган иш-чарларды жүзөгө ашырууда кыргыз-түрк биргелешкен тендерлик комиссияга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке ушул токтомдун 5-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чараларды аткарууга ар тараптуу жардам көрсөтсүн;
- имараттардын комплексин куруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине ай сайын берүү менен, Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Элчилигинин имараттарынын комплексин курууну контролдосун;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча гана имараттардын комплексин этап-этабы менен каржылоону жүргүзсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-октябрындагы № 623 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик:
- 2008-жылдын 30-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин Анкара шаарындагы имараттарынын комплексинин долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн имараттардын курулушунун сапатын жана жумуштардын тийиштүү келишимде каралган мөөнөттө аткарылышын контролдосун;
- имараттардын комплексин куруунун бардык процессинде квартал сайын 1 жолу Анкара шаарына (Түркия Республикасы) барып, имараттардын комплексин куруунун сапатын контролдоочу жооптуу адамды аныктасын.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-октябрындагы № 623 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- 2008-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн тендерди өткөрүү мөөнөтү жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана тендерде утуп чыккан компаниялардын ортосунда үч тараптуу макулдашуу түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн, анда курулушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан кошумча контролдоо жөнүндө, курулушту каржылоонун шарттары, мөөнөттөрү жана каржыланышы жөнүндө жоболор чагылдырылууга тийиш;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана тендерди утуп алган курулуш компаниясынын ортосундагы үч тараптуу макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун 2009-жылдын 20-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- имараттардын комплексин куруунун бардык процессин бирдиктүү координациялоону жүргүзсүн;
- жогоруда айтылган макулдашууларга кол койсун.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-октябрындагы № 623 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имараттарынын комплексин куруу боюнча базалык документтер ушул токтомдун 6-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашуулар болоору белгиленсин;
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-октябрындагы № 623 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 547 токтомуна Тиркеме |
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-октябрындагы № 623 токтомунун редакциясына ылайык)
Суванов Эркин
Абылкасымович - Дипломатиялык сервистин "Кыргыздипсервис"мамлекеттик
ишканасынын башкы директору, комиссиянын төрагасы;
Абылов Мамбетжунус
Абылович - Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын
жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
Нарбаев Каныбек
Жайчиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Ар-хитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик
агенттиктин директору;
Шаимбетов Жекшенбек
Акматович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш,
транспорт жана коммуникациялар
бөлүмүнүн башчысынын орунбасары.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
М.Исмаилов |