Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 3-июлу № 359-б
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунда бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту андан ары өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансынын башкаруу системасын реформалоо боюнча аракеттердин Планын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык:
1. 2009-2011-жылдарда Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына өтүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунда бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту реформалоо боюнча иш-чаралардын тиркелген планы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунда бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту реформалоо боюнча иштерди уюштурууну жана өткөрүүнү камсыз кылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 359-б токтому менен бекитилген |
┌───┬────────────────────────────┬───────────────┬────────────────────┐
│ № │ Иш-чаралардын аталышы │Аткаруу мөөнөтү│Жооптуу аткаруучулар│
├───┴────────────────────────────┴───────────────┴────────────────────┤
│I бөлүм. Мамлекеттик сектордо бухгалтердик эсептин жана │
│отчеттуулуктун нормативдик укуктук базасын түзүү жана өркүндөтүү │
├───┬────────────────────────────┬───────────────┬────────────────────┤
│1.1│"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" │ 2009-жыл │ Финмин │
│ │Кыргыз Республикасынын │ │ │
│ │Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана│ │ │
│ │толуктоолорду киргизүү │ │ │
│ │тууралуу" Мыйзам долбоорун │ │ │
│ │даярдоо │ │ │
├───┼────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│1.2│Нормативдик укуктук │ 2009-жыл │ Финмин │
│ │актыларды кайра кароо жана │ │ │
│ │аларды Бюджеттик мекемелерде│ │ │
│ │бухгалтердик эсепти уюштуруу│ │ │
│ │жана киргизүү боюнча жаңы │ │ │
│ │жобого ылайык келтирүү үчүн │ │ │
│ │өзгөртүүлөрдү киргизүү │ │ │
├───┼────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│1.3│Эсептердин жаңы планына │ 2009-жыл │ Финмин │
│ │ылайык балансты түзүүдө │ │ │
│ │контролдук көрсөткүчтөрдү │ │ │
│ │иштеп чыгуу │ │ │
├───┼────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│1.4│Мамлекеттик башкаруу │ 2009-жыл │ Финмин │
│ │секторунун балансын │ │ │
│ │консолидациялоо усулунун │ │ │
│ │долбоорун иштеп чыгуу жана │ │ │
│ │бекитүү │ │ │
├───┼────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│1.5│Коомдук сектордун финансылык│2009-2010-жыл- │ Финмин │
│ │отчеттуулугунун эл аралык │дар │ │
│ │стандарттарына (мындан ары │ │ │
│ │КСФОЭС) өтүүгө байланыштуу │ │ │
│ │бухгалтердик эсептин жана │ │ │
│ │отчеттук документтин бир │ │ │
│ │түргө келтирилген │ │ │
│ │системаларына кирген │ │ │
│ │бухгалтердик эсептин жана │ │ │
│ │документтердин алгачкы │ │ │
│ │эсептик документтерин кайра │ │ │
│ │кароо │ │ │
├───┼────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│1.6│КСФОЭСке өтүү менен │2009-2011- │Финмин, │
│ │мамлекеттик сектордогу │жылдар │министрликтер, │
│ │бухгалтердик эсеп жана │ │мамлекеттик │
│ │отчеттуулук боюнча │ │комитеттер, │
│ │колдонуудагы нормативдик │ │администрациялык │
│ │методологиялык базаны │ │ведомстволор, │
│ │өркүндөтүү │ │бюджеттик мекемелер │
├───┴────────────────────────────┴───────────────┴────────────────────┤
│II бөлүм. КСФОЭСке өтүүгө байланыштуу мамлекеттик сектордо │
│бухгалтердик эсептин жаңы системасын киргизүү │
├───┬────────────────────────────┬───────────────┬────────────────────┤
│2.1│Мамлекеттик сектордо │2009-2011-жыл- │Финмин, │
│ │эсептөөнүн жаңы планын │дар │министрликтер, │
│ │киргизүү │ │мамлекеттик │
│ │ │ │комитеттер, │
│ │ │ │администрациялык │
│ │ │ │ведомстволор, │
│ │ │ │бюджеттик мекемелер │
├───┼────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│2.2│Бухгалтердик эсепти │2009-2011-жыл- │Финмин │
│ │жүргүзүүнү жана КСФОЭСке │дар │ │
│ │өтүүгө байланыштуу │ │ │
│ │финансылык отчеттуулукту │ │ │
│ │түзүүнү автоматташтыруу │ │ │
├───┴────────────────────────────┴───────────────┴────────────────────┤
│III бөлүм. Кадрларды даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу │
├───┬────────────────────────────┬───────────────┬────────────────────┤
│3.1│Бухгалтердик эсепти жана │2009-2011-жыл- │Финмин │
│ │финансылык отчеттуулукту │дар │ │
│ │жүргүзүүгө жооптуу │ │ │
│ │мамлекеттик сектордун │ │ │
│ │финансылык-экономикалык │ │ │
│ │кызматкерлерине окутуучу │ │ │
│ │тренингдерди өткөрүү │ │ │
├───┼────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│3.2│Эсептөө палатасынын │2009-2011-жыл- │Финмин │
│ │аудиторлору, мамлекеттик │дар │ │
│ │сектордун ички аудиторлору │ │ │
│ │үчүн окутуучу тренингдерди │ │ │
│ │өткөрүү │ │ │
├───┼────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│3.3│КСФОЭСти терең үйрөнүүгө │2009-2011-жыл- │Финмин, │
│ │жана практикада аны │дар │Билиммин │
│ │колдонуунун ыкмаларын │ │ │
│ │түзүүгө багытталган │ │ │
│ │мамлекеттик сектордун │ │ │
│ │бухгалтердик эсеби жана │ │ │
│ │отчеттуулугу боюнча │ │ │
│ │адистерди даярдоо жана кайра│ │ │
│ │даярдоо программасын иштеп │ │ │
│ │чыгуу │ │ │
├───┼────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│3.4│Министрликтерде, │2009-2011-жыл- │Финмин, Билиммин │
│ │ведомстволордо, мамлекеттик │дар │ │
│ │сектордун уюмдарында, │ │ │
│ │мекемелеринде бухгалтердик │ │ │
│ │эсеп жана отчеттуулук боюнча│ │ │
│ │адистерди аттестациялоо │ │ │
│ │системасын өнүктүрүү, │ │ │
│ │ошондой эле бухгалтердин │ │ │
│ │статусун жогорулатуу боюнча │ │ │
│ │сунуштарды иштеп чыгуу │ │ │
├───┴────────────────────────────┴───────────────┴────────────────────┤
│IV Бөлүм. Эл аралык кызматташтык │
├───┬────────────────────────────┬───────────────┬────────────────────┤
│4.1│Кыргыз Республикасында │2009-жыл │Финмин │
│ │КСФОЭСти киргизүүгө │ │ │
│ │Бухгалтерлердин эл аралык │ │ │
│ │федерациясынын расмий │ │ │
│ │уруксатын алуу │ │ │
├───┼────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│4.2│Мамлекеттик сектордо │дайыма │Финмин │
│ │бухгалтердик эсеп жана │ │ │
│ │финансылык отчеттуулук │ │ │
│ │жаатында мамлекеттер аралык │ │ │
│ │жана өкмөттөр аралык уюмдар │ │ │
│ │менен өз ара аракеттенүү │ │ │
└───┴────────────────────────────┴───────────────┴────────────────────┘