Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 233-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 8-июлу № 363-б
Социалдык-эмгектик жана аны менен байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун негизги маселелери боюнча макулдашылган чараларды ишке ашыруу максатында:
1. 2009-2011-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргызстан профсоюздар федерациясы жана иш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелери ортосундагы башкы макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча Үч тараптуу республикалык комиссиясынын отурумунда Башкы макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
Долбоор
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-июнундагы № 363-б буйругу менен жактырылган |
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт), Кыргызстан профсоюздар федерациясы (мындан ары Профсоюздар) жана иш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелери (мындан ары - Иш берүүчүлөр) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана "Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, тең укуктуулуктун жана өз ара сыйлашуу принциптерин жетекчиликке алуу менен, 2009-2011-жылдарга Өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясынын (ӨӨС) жана 2006-2009-жылдарда татыктуу эмгектенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өлкөлүк программасынын негизги жоболоруна таянуу менен 2009-2011-жылдарга ушул Башкы макулдашууну түзүштү.
Тараптардын кызматташуусунун негизги багыттары
I. Экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө Тараптар
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1. 2009-2011-жылдарга Өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясынын (ӨӨС) алкагында төмөнкүлөрдү ишке ашырууну камсыз кылуу:
Экономиканын кыйла артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү стратегияларын жана программаларын.
Алыскы региондорду жана чакан шаарларды тез өнүктүрүү программаларын.
Формалдуу эмес экономиканын үлүшүн кыскартуу боюнча чаралар программаларын.
Тараптар
2. Бизнести жакшыртуу жана өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.
Өкмөт
3. Электр, жылуулук энергиясына, жаратылыш газына жана отун ресурстарына, ошондой эле отун-энергетика комплекси уюмдарында табигый жана уруксат берилген монополия реестрине киргизилген, чарба жүргүзүүчү субъекттер көрсөтүүчү кызматтарга Бааларды жана тарифтерди жөнгө салуу системасын өркүндөтүү үчүн жарандык коомчулуктун катышуусунда үч тараптуу кызматташуунун институттук механизмдерин пайдалануу.
Өкмөт
4. Ата мекендик товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында:
- ата мекендик товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча системалуу иш жүргүзүү жана товарларды экспортко жылдыруу;
- өндүрүштө колдонулган сырьего жана материалга ташып кирүүчү бажы алымдарын жана КММга акциздик салыктарды төмөндөтүүнү же жоюуну демилге кылуу;
- бардык жерде ишканаларда "сапат ийримдерин" ишке киргизүү.
Иш берүүчүлөр
Профсоюздар
5. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү сертификаттоонун эл аралык стандарттарын ишке киргизүү жана иш берүүчүлөр бирикмелеринин товарларынын жана кызматтарынын сапат системасын ыктыярдуу сертификаттоо боюнча ишти камсыз кылуу.
Иш берүүчүлөр
II. Эмгек акы төлөөнү жана социалдык
камсыздоону жөнгө салуу жаатында
6. Эң төмөнкү эмгек акынын өлчөмүн жашоо минимумуна чейин жеткирүү максатында этабы менен көтөрүү.
Өкмөт
7. Тийиштүү тармактын кызматкерлеринин эң төмөнкү эмгек акысынын өлчөмүн тармактык макулдашууга кошуу жана аныктоо.
Иш берүүчүлөр
Профсоюздар
8. Кызматкерлердин эмгек акысы жана отпускаларын төлөө боюнча карыздарды жоюу жана ага жол бербөө боюнча чараларды көрүү.
Тараптар
9. Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) Социалдык камсыздоонун эң төмөнкү нормалары жөнүндө (1952-жылдын 28-июну, Женева) № 102 конвенциясын ратификациялоону демилге кылуу.
Өкмөт
10. Пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн өткөн жылда түзүлгөн республика боюнча орточо эмгек акынын 12 процент деңгээлинде жыл сайын жогорулатуу.
Өкмөт
11. Өткөн жылда түзүлгөн инфляциянын деңгээлине караганда төмөн болбогондой пенсиянын өлчөмүн жыл сайын жогорулатууну камсыз кылуу.
Өкмөт
III. Эмгек рыногун өнүктүрүү жана калкты
жумуш менен камсыз кылуу жаатында
12. 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын жумуш менен камсыз болушунун Улуттук саясаты программасынын негизги багыттарынын аткарылышын камсыз кылуу.
Өкмөт
Иш берүүчүлөр
13. Чет өлкөнүн жумушчу күчүн Кыргыз Республикасында ишке тартууга жана пайдаланууга белгиленген квотаны сактоого контролду камсыз кылуу.
Тараптар
14. Тармактык тарифтик, аймактык макулдашууларды жана жамааттык келишимдерди иштеп чыгууда жумуш орундарынын сакталышын, жумушчуларды кесипке даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылуучу чараларды көрүү.
Иш берүүчүлөр
Профсоюздар
15. Жаштардын жумуш менен убактылуу камсыз болуу сапатын жана деңгээлин, анын ичинде чакан жана орто бизнестин түзүмдөрүндө жогорулатууга түрткү берүү.
Тараптар
16. Ата мекендик өндүрүүчүлөргө, өзгөчө Кыргыз Республикасынын Азистер жана дүлөйлөр коомунун ишканаларына күч блогу, билим берүү жана башка министрликтер пайдаланган продукцияга мамлекеттик заказдарды жайгаштыруу практикасын кеңейтүү.
Өкмөт
17. Жаңы жумуш орундарын түзүү жана иштеп жаткандарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Иш берүүчүлөр
18. Эмгек рыногунун талаптарын эске алуу менен, даярдоо жетишсиз деңгээлде жүргүзүлүп жаткан кесиптерди жана адистиктерди жалпыга маалымдоо каражаттарында пропагандалоону жүзөгө ашыруу.
Иш берүүчүлөр
Профсоюздар
19. Иш берүүчүлөрдүн өтүнүчү боюнча бүтүрүүчүлөрдү практикадан, стажировкадан өткөрүүнү уюштурууда, ишке орноштурууда ЖОЖдор, кесиптик окуу жайлар менен иш берүүчүлөрдүн кыйла тыкыс өз ара кызматташуусу боюнча чараларды көрүү, жаш адистер окуусун бүткөндөн кийин конкреттүү ишканада конкреттүү адистик боюнча жумуш орунду берүү.
Тараптар
20. Ыйгарым укуктуу органга бош жумуш орундары бар экендиги тууралуу маалымат жөнөтүү.
Иш берүүчүлөр
21. Өндүрүш ичинде жумушчуларды окутуу системасын түзүү жана өнүктүрүү, тажрыйбаны жаштарга өткөрүү боюнча уюмдарда жана мекемелерде насаатчылык системасын жандандыруу.
Иш берүүчүлөр
22. Кесиптик билим берүү деңгээлин жогорулатуу максатында персоналды сертификаттоого катышуу үчүн кеңейтилген комиссиянын курамына иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин өкүлдөрүнүн жарымынан кем эмесин киргизүү.
Иш берүүчүлөр
Профсоюздар
23. Келечектеги адистерди даярдоонун адистештирилген борборлорун түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссиясынын кароосуна киргизүү; жергиликтүү аймактарга экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдорунун натыйжалары боюнча кесипке багыттоо ишин жүргүзүү.
Иш берүүчүлөр
24. "Өз ишиңди башта", "Өз ишиңди өркүндөт", "Бизнес менен тааныш" модулдук окутуп-үйрөтүү системасын жана башка ушул сыяктуу программаларды ишке киргизүү жана өткөрүү.
Иш берүүчүлөр
25. Кесиптик-техникалык билим берүү системасында Кыргыз Республикасында өндүрүштүн натыйжалуулугун жана атаандашууга жөндөмдүүлүгүн чагылдыруучу факультативдик сабак өткөрүү.
Иш берүүчүлөр
26. Кыргыз Республикасында өндүрүштүн натыйжалуулугу жана атаандашууга жөндөмдүүлүгү маселелери боюнча социалдык өнөктөрдүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен конференция өткөрүү.
Иш берүүчүлөр
27. Эмгек рыногунун муктаждыктарын эске алуу менен иш берүүчүлөрдүн активдүү катышуусунда адистерди даярдоону жана кайра даярдоону жүргүзүү.
Өкмөт
Иш берүүчүлөр
28. Калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн арналган жумуш орундарын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар үчүн атайын жумуш орундарын уюштурууга көмөктөшүү.
Иш берүүчүлөр
29. Кайра иштетүүчү өндүрүштү, тейлөө чөйрөсүн, чакан жана орточо ишкердикти, потребкооперацияны, үйдөн бүткөрүлчү жумушту өркүндөтүү жолу менен жумуш орундарын түзүү боюнча айыл жерлеринде ишти активдештирүү.
Иш берүүчүлөр
Профсоюздар
30. Чакан жана орто ишканаларда жумуш орундарын түзүүгө түрткү берүү үчүн жалпы шарттар жөнүндө ЭЭУнун № 189 сунушунун жоболорун ишке киргизүүнү камсыздоо.
Тараптар
IV. Жумушчулардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн
тиричилиги үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жаатында
31. Жыл сайын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун кароодо башка багыттарга салыштырмалуу социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттардын өсүшүн алгалоочу чыгымдардын белгиленишине жетишүү.
Өкмөт
32. Ден соолукту чыңдоочу жайларда, эс алуу үйлөрүндө, балдардын ден соолукту чыңдоо борборлорунда өздүк каражаттардын жана инвестицияларды тартуунун эсебинен жашоо шарттарын жакшыртуу.
Иш берүүчүлөр
Профсоюздар
33. Эмгекчилердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн профсоюздук ден соолукту чыңдоочу жайларында жана балдардын ден соолукту чыңдоо борборлорунда ден соолугун чыңдоого финансылык каражаттарды өз учурунда бөлүүнү камсыз кылуу.
Өкмөт
34. Өзгөчө тестиер балдары бар жумушчулар үчүн жумуш убактысынын ийкемдүү режимин белгилөөнү камсыздоо.
Иш берүүчүлөр
Профсоюздар
35. Республиканын бүткүл региондору боюнча ишканаларда жана уюмдарда кызматкерлерге акысыз консультациялык жана укуктук жардам берүү.
Профсоюздар
36. Эмгек акы фондунун чоңдугунан 0,15 проценттен кем эмес өлчөмдө маданий-массалык жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө каражат бөлүү боюнча тараптардын милдеттенмесин макулдашууларга, жамааттык келишимдерге киргизүү практикасын кеңейтүү.
Иш берүүчүлөр
Профсоюздар
37. Энеликти коргоо жөнүндө 1952-жылдагы конвенцияны (№ 183 Конвенция) Кайра кароо тууралуу конвенцияны (кайра каралган) ратификациялоого көмөктөшүү.
Өкмөт
38. Персоналды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кароо жана ишканалар менен уюмдардын кызматкерлерине социалдык пакет берүү.
Иш берүүчүлөр
V. Эмгек жана экологияны коргоо,
эмгек укуктарын коргоо жаатында
39. "Айыл чарбасында эмгекти коргоону, эмгек коопсуздугун жана шарттарын жакшыртуу боюнча 2007-2009-жылдарга карата программа тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-февралындагы № 61 токтому менен бекитилген, Айыл чарбасында эмгекти коргоону, эмгек коопсуздугун жана шарттарын жакшыртуу боюнча программанын 2009-жылы аткарылышын камсыздоо.
Тараптар
40. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 20 "2008-2011-жылдарга Кыргыз Республикасында жашы жетелектердин эмгегинин эң оор түрлөрүн жоюу боюнча социалдык өнөктөрдүн аракеттеринин мамлекеттик программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2008-2011-жылдарга Кыргыз Республикасында жашы жетелектердин эмгегинин эң оор түрлөрүн жоюу боюнча социалдык өнөктөрдүн аракеттеринин мамлекеттик программасын ишке ашырууну камсыз кылуу.
Тараптар
41. Кыскартуу болгон учурда пенсияга чыгуу курагына жакындаган кызматкерлер, жалгыз бой энелер жана башка социалдык жактан корголбогон категориялар үчүн жумуш орундарын сактоо укугунун артыкчылыгын кароо.
Иш берүүчүлөр
Профсоюздар
42. Өнөр жай коопсуздугу, эмгекти жана курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери боюнча тармактык, тармактар аралык нормативдик документтерди, сертификаттарды, техникалык регламенттерди иштеп чыгуу.
Тараптар
43. Социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссиянын (ТҮК) заседаниелеринде өндүрүштөгү эмгектин коопсуздугунун, өндүрүштүк жаракат алуулардын, кесиптик оорулардын шарттарын жана абалын жыл сайын кароо жана ушул багыттардагы абалды жакшыртуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү.
Тараптар
44. "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-апрелиндеги № 225 токтому менен бекитилген Эмгекти коргоо кызматы жөнүндө жана эмгекти коргоо ишин уюштуруу тууралуу типтүү жобого ылайык бардык ишканаларда жана уюмдарда эмгекти коргоо кызматтарын түзүүгө көмөктөшүү.
Иш берүүчүлөр
Профсоюздар
45. Кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан, кызматкерге келтирилген жаракатты же башка ден соолукка келтирилген зыянды жумуш берүүчүнүн өз убагында жана толугу менен төлөп берүүсүнүн маселесин чечүүдө өндүрүштө жабыр тарткан кызматкерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө акысыз консультацияларды жана укуктук жардамды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бир жолу төлөнүүчү пособие берүү.
Өкмөт
Профсоюздар
46. ВИЧ-СПИДдин, социалдык жактан олуттуу жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын эпидемиясынын таралышын алдын алууга өбөлгө түзүү, жагымдуу, коопсуз өндүрүш чөйрөсүн жана эмгек гигиенасын камсыз кылуу.
Эмгек жамааттарында, калк арасында ВИЧ-СПИДдин, социалдык жактан олуттуу жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ооруларды болтурбоо жана алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
ВИЧ жугузуп алгандарга жана СПИД менен ооругандарга социалдык кепилдиктерди берүү жана коргоо, оорунун кесепеттерин жеңип чыгууга "Кыргыз Республикасында ВИЧ-СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштиктүү жардам көрсөтүү.
Тараптар
VI. Конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү
жана социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү
камсыз кылуу жаатында
47. Бардык деңгээлдерде тармактык тарифтик, аймактык (региондук) макулдашууларды жана менчиктин бардык түрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда жамааттык келишимдерди түзүүнү, капиталдын чет элдик үлүшү бар ишканаларда жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн маалыматтын ачыктыгын камсыз кылуу.
Иш берүүчүлөр
Тараптар
48. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети, Кыргызстандын профсоюздар федерациясы, Кыргыз Республикасынын Жумуш берүүчүлөр конфедерациясы, Эл аралык эмгек уюмунун Европа боюнча региондук бюросу жана Эл аралык эмгек уюмунун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн субрегиондук бюросу 2006-жылдын 24-ноябрында кол койгон 2006-2009-жылдарга татыктуу эмгек боюнча Кыргыз Республикасынын Өлкөлүк программасын 2009-жылы аткарууну камсыз кылуу.
Тараптар
49. Социалдык-эмгек мамилелеринин маселелери боюнча мыйзамдардын жана башка нормативдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча алар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизилгенге чейин социалдык өнөктөштөр менен мыйзамдарда белгиленген тартипте алдын ала талкуулоону жүргүзүү.
Өкмөт
50. Социалдык жана экономикалык маселелер боюнча өткөрүлгөн талдоолорду, божомолдорду жана изилдөөлөрдү тараптардын биринин демилгеси боюнча "тегерек столдорду", конференцияларды, жумушчу топтордун заседаниелерин уюштуруу жолу менен талкуулоо. Чечимдердин варианттарын Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылуу.
Иш берүүчүлөр
Профсоюздар
51. Социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча облустук деңгээлден алгачкы деңгээлге чейинки үч тараптуу (эки тараптуу) комиссияларды түзүүгө көмөктөшүү.
Иш берүүчүлөр
Профсоюздар
52. Бардык деңгээлдеги кызматкерлердин өкүлдөрүнө жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, тармактык, региондук макулдашууларды жана жамааттык келишимдерди иштеп чыгуу жана түзүү боюнча көмөктөшүү.
Профсоюздар
53. Укуктарын коргоо, социалдык диалогду өнүктүрүү жана тиешелүү деңгээлдеги макулдашууларды түзүү боюнча жамааттык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү максатында жумуш берүүчүлөрдүн тармактык жана региондук бирикмелерин түзүүгө көмөктөшүү; алгачкы деңгээлди (айыл өкмөтү, шаар) кошкондо, жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин ишин жандандырууга көмөктөшүү.
Иш берүүчүлөр
Профсоюздар
54. Эл аралык эмгек уюмунун конвенциясын аткаруу боюнча отчетторду толук көлөмдө даярдоону берүү графигине ылайык камсыз кылуу.
Тараптар
55. Социалдык өнөктөштүк маселелерин, Башкы макулдашууну, региондук жана тармактык макулдашууларды, эмгек келишимдерин ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле социалдык-эмгек чыр-чатактарын алдын алуу жана чечүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууну камсыз кылуу.
Тараптар
56. Түзүлгөн республикалык, региондук жана тармактык макулдашуулардын мониторингин жүргүзүүнү камсыз кылуу.
Иш берүүчүлөр
Профсоюздар
57. Башкы макулдашуу колдонулган мезгилде социалдык өнөктөштүк маселелери боюнча улуттук жана региондук деңгээлдерде семинарларды, конференцияларды жана "тегерек столдорду" өткөрүүнү уюштуруу.
Иш берүүчүлөр
Профсоюздар
58. Социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча Республикалык үч тараптуу комиссиянын заседаниелеринде социалдык өнөктөштүк жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, профсоюздар жана жумуш берүүчүлөр бирикмелеринин жетекчилеринин отчетторун угууну практикалоо.
Тараптар
VII. Башкы макулдашуунун колдонулушу,
анын аткарылышын контролдоо жана
Тараптардын жоопкерчилиги:
59. Тараптар ушул Башкы макулдашууну 2009-2011-жылдарга Кыргыз Республикасында макулдашылган социалдык-экономикалык саясатты жүргүзүү боюнча негизги багыттарды жана зарыл болгон аракеттерди белгилеген социалдык өнөктөштүктүн негизги документи катары таанышат жана анын бардык шарттарын сактап, Башкы макулдашууну жетекчиликке алууга милдеттенме алышат.
60. Башкы макулдашуу колдонулган мезгилде ага Тараптар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду алар Республикалык үч тараптуу комиссия тарабынан каралгандан кийин жана кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделгенден кийин гана киргизе алышат.
61. Бул Башкы макулдашууга кол койгондон кийин ар бир Тарап кабыл алынган милдеттенмелерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бир айлык мөөнөттө иштеп чыгат жана Республикалык үч тараптуу комиссияга берет, жарым жылда бир жолу иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө Республикалык үч тараптуу комиссияга маалымдайт.
62. Республикалык үч тараптуу комиссиянын чечимдери (сунуштары) ушул Башкы макулдашууну ишке ашыруунун формасы болуп эсептелет.
63. Катчылык Башкы макулдашууну аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты даярдайт жана Республикалык үч тараптуу комиссиянын күнүмдүк ишин камсыз кылат.
64. Башкы макулдашууну аткаруу "Кыргыз Республикасында эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Республикалык үч тараптуу комиссия жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
65. Башкы макулдашууга кол коюлгандан кийин Тараптар аны жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоону бир жумалык мөөнөттө камсыз кылышат.
66. Бул Башкы макулдашуу кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет жана жаңы макулдашуу түзүлгөнгө чейин колдонулат.
67. Бул Башкы макулдашуу жумуш берүүчүлөрдүн республикалык башка бирикмелеринин кошулуусу үчүн ачык.
Бишкек шаарында 200___-жылдын "____"______ кыргыз жана орус тилдеринде беш түп нускада түзүлдү. Кол коюунун ар бир катышуучусунда ушул Башкы макулдашуунун бирден нускасы болот.
Бул Башкы макулдашууга төмөнкүлөр кол коюшту:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
Кыргыз Республикасынын
Вице-премьер-министри У.Абдуллаева
Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын атынан
Кыргызстан Профсоюздар
федерациясынын төрагасы Б.Иманалиев
Иш берүүчүлөр бирикмелеринин атынан
Кыргыз Республикасынын Улуттук иш
берүүчүлөр конфедерациясынын президенти Э.Салымбеков
Кыргызстандын Улуттук товар өндүрүүчүлөр
ассоциациясынын президенти К.Алымкулов
"Education Network" билим берүү
мекемелеринин ассоциациясынын
аткаруучу директору Н.Брагина