Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 29-апрели № 233-т
"Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, социалдык-эмгектик жана аны менен байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун негизги маселелери боюнча макулдашылган чараларды ишке ашыруу максатында:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргызстан профсоюздар федерациясы менен республикалык жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин ортосундагы 2022-2024-жылдарга Башкы макулдашуу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басарына жогоруда аталган Башкы макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-июлундагы № 363-б буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-январындагы № 12-б буйругу.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 233-т тескемеси менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргызстан профсоюздар федерациясы менен республикалык жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин ортосундагы 2022-2024-жылдарга БАШКЫ МАКУЛДАШУУ
Биз, мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргызстан профсоюздар федерациясынын (мындан ары - Профсоюздар) жана жумуш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелеринин (мындан ары - Жумуш берүүчүлөр) ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана "Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тең укуктуулук жана өз ара сыйлашуу, кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик принциптерин жетекчиликке алуу менен, социалдык-эмгектик жана алар менен байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун жалпы принциптерин жана аларды ишке ашыруу боюнча Тараптардын биргелешкен иш-аракеттерин белгилөөчү 2022-2024-жылдарга ушул Башкы макулдашууну (мындан ары - Башкы макулдашуу) түздүк.
Ар бир пункттун аткарылышы үчүн жооптуу жактар өзүнчө сапта белгиленет.
1. Экономиканы өнүктүрүү чөйрөсү
1. Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында улуттук экономиканы өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды аткарууга көмөктөшүү.
Тараптар
2. "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2024-жылдарга экономиканын формалдуу эмес секторунун деңгээлин кыскартуу боюнча иш-чаралар планын" иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
Министрлер Кабинети
3. Чакан жана орто ишкерликке административдик оорчулукту азайтууга жардам берүү.
Тараптар
4. Социалдык маанилүү азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларга, анын ичинде мамлекеттик медициналык мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди белгилөөнү координациялоо.
Министрлер Кабинети
5. Профсоюздар республикадагы баа жана тариф саясатына активдүү жооп кайтарууга тийиш.
Профсоюздар
2. Эмгек акы төлөөнү жана социалдык камсыздоону жөнгө салуу
1. 2023-жылдын 1 -январынан тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн 10дон 20 эсептик көрсөткүчкө чейин көбөйтүүнү караган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу.
Министрлер Кабинети
2. 2023-жылдын 1-январынан тартып расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун өлчөмүн көбөйтүүнү караган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу.
Министрлер Кабинети
3. Эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүгө чейин социалдык өнөктөштөр менен милдеттүү түрдө алдын ала талкуулоону камсыз кылуу.
Министрлер Кабинети
4. Кыргыз Республикасынын кызматкерлерине, жарандарына жана Кыргыз Республикасында эмгек ишин жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандарга бирдей маанидеги жумуш үчүн эмгек акынын ажырымына жол бербөө.
Министрлер Кабинети
Жумуш берүүчүлөр
5. Каражаттын болушуна жараша минималдуу эмгек акынын өлчөмүн жашоо минимумунун деңгээлине чейин этап менен жогорулатуу.
Министрлер Кабинети
6. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык бюджеттик чөйрөнүн жана башка уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын өз убагында төлөп турууну жана эмгек өргүү акысын төлөөнү камсыз кылуу.
Министрлер Кабинети
Жумуш берүүчүлөр
7. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын тармактык макулдашууларында жана жамааттык келишимдеринде спорттук-ден соолукту чыңдоо жана маданий-массалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча шарттарды караштыруу.
Тараптар
8. Тийиштүү мамлекеттик органдар жана адистер-эксперттер менен өлкөдөгү эмгек миграциясынын абалына жана чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого талдоо жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тиешелүү сунуштарды киргизүү. Мигранттардын эмгек жана социалдык укуктарын коргогон мыйзам чыгаруу жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышуу.
Тараптар
9. Төмөнкүдөй максаттарда республиканын социалдык-экономикалык абалына талдоо жүргүзүү:
- өлкөнүн төмөнкүлөрдү ратификациялоого даярдыгы:
ЭЭУнун Үй-бүлөлүк милдеттери бар эмгекчилер жөнүндө № 156 (1981-жыл) конвенциясы;
ЭЭУнун Энеликти коргоо жөнүндө № 183 (2000-жыл) конвенциясы;
ЭЭУнун Үй кызматкерлеринин татыктуу эмгеги жөнүндө № 189 (2011-жыл) конвенциясы;
ЭЭУнун Эмгек чөйрөсүндө зомбулукту жана куугунтуктоону жок кылуу жөнүндө № 190 (2019-жыл) конвенциясы;
- төмөнкүлөр боюнча милдеттенмелерди кабыл алуу мүмкүндүгү:
Социалдык коргоонун минималдуу деңгээли жөнүндө № 202 сунуштама;
Формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү жөнүндө № 204 сунуштама.
Тараптар
10. Ишканаларда баланы тамактандыруу (эмизүү) үчүн эне менен баланын бурчтарын/бөлмөлөрүн түзүүгө көмөктөшүү.
Министрлер Кабинети
Жумуш берүүчүлөр
3. Эмгек рыногун өнүктүрүү жана калкты жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү
1. Жаңы жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүү. Кесиптик билим берүүнү жана окутууну өнүктүрүүгө бизнестин катышуусун өбөлгөлөө.
Министрлер Кабинети
Жумуш берүүчүлөр
2. Иш орундарында насаатчылыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
Жумуш берүүчүлөр
3. Жаш адистерди жана иш менен камсыз кылуу кызматынын каттоосунда турган жумушсуз жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү.
Министрлер Кабинети
Жумуш берүүчүлөр
4. Билим берүү уюмдарынын окутуучуларын кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча ЖОЖдордо кошумча билим берүү программаларын ачууга көмөктөшүү.
Министрлер Кабинети
4. Эмгек укуктарын коргоо, эмгекти коргоо, өнөр жай жана экологиялык коопсуздук
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы профсоюздардын (профсоюздар болсо) эмгек инспекциялары менен бирдикте уюмдарда жарандардын социалдык-эмгек укуктарын жөнгө салуу боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен текшерүүлөрдү жүргүзөт.
Министрлер Кабинети
Профсоюздар
2. 2022-2026-жылдарга эмгекти коргоо боюнча мамлекеттик программаны кабыл алууну тездетүү. Эмгектин мамлекеттик инспекторлорунун санын көбөйтүү менен эмгектенүү процессинде кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо талаптарына жооп берген эмгектин коопсуз шарттарын түзүү боюнча эмгекти коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашырууну камсыз кылуу.
Эмгек шарттарын баалоону эске алуу менен жумуш орундарында кесиптик тобокелдиктерди башкаруу системасын түзүү үчүн укуктук базаны түзүүгө көмөк көрсөтүү.
Министрлер Кабинети
3. Кызматкерлердин эмгек укуктарын сактоосуна коомдук контролдун натыйжалуулугун жана таасирдүүлүгүн камсыз кылуу, Кыргызстандын профсоюздарынын бийликтин мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдары менен техникалык эмгек инспекциясында кыйла активдүү өз ара аракеттенүүсүнө көмөктөшүү; өндүрүштүк травматизмди жана кокустуктарды болтурбоо боюнча ишке коомдук активди кеңири тартуу. Ыйгарым укуктуу (ишенимдүү) жактардын - коомдук башталыштагы эмгекти коргоо боюнча коомдук инспекторлордун санын көбөйтүү жана функцияларын күчөтүү боюнча чараларды көрүү.
Тараптар
4. Өлкөнүн аймагында түзүлгөн жана түзүлүүчү ишканаларда, кичи жана орто бизнес уюмдарында кызматкерлерди укуктук жактан коргоону, аларга эмгектин коопсуз жана ыңгайлуу шарттарын камсыз кылуу маселелеринде жумуш берүүчүлөргө карата талаптарды күчөтүү.
Тараптар
5. Ар бир ишканада, ар бир уюмда кызматкерлердин кесиптик тобокелдиктеринин деңгээлдерин баалоону камсыз кылган эмгекти коргоону башкаруунун заманбап жана натыйжалуу системасын (ЭКБС) киргизүүгө жетишүү жана жумуш берүүчүлөргө эмгектин ыңгайлуу жана коопсуз шарттарын камсыз кылууга түрткү берген экономикалык жана укуктук механизмдерди түзүү.
Тараптар
6. Эмгекти коргоо боюнча уюмдардын жетекчилерин жана кызматкерлерин окутуунун заманбап методдорунун жана технологияларынын негизинде үзгүлтүксүз даярдоо системасын өркүндөтүү, коопсуз эмгекти жана сергек жашоо ыңгайын массалык түрдө пропагандалоо боюнча атайын программаларды түзүү, профсоюздук активди, эмгекти жана экологияны коргоо жаатындагы жумуш берүүчүлөрдү жана адистерди биргелешкен окутууну уюштуруу, кичи жана орто ишканаларда эмгекти коргоо боюнча чараларды пропагандалоо жана популярдаштыруу боюнча иштерди активдештирүү.
Тараптар
7. Зыяндуу өндүрүштүк факторлору жок, эмгектин татыктуу шарттарына ээ, травматизм, кесиптик оорулар болбогон, айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбеген "жашыл" жумуш орундарын түзүү.
Тараптар
8. Ишканалардын менчигинин түрүнө карабастан кызматкерлерди эмгек шарттарын эске алуу менен зарыл болгон жеке коргонуу каражаттары (бут кийим, атайын кийим, кол кап, бет кап, кулакчын, ширетүүдө колдонулуучу көз айнек, коопсуздук куру ж.б.) менен камсыз кылуу.
Министрлер Кабинети
Жумуш берүүчүлөр
9. Республикада эмгекти коргоонун мамлекеттик системасын түзүү. Саны 50 адамдан ашкан уюмдарда жана мекемелерде эмгекти коргоо кызматтарын түзбөгөн менчиктин бардык формаларындагы ишканалардын жана уюмдардын жетекчилерине карата натыйжалуу контролду камсыз кылуу. Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин "Кыргыз Республикасынын Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамынын талаптарына ылайык иш алып баруусуна жетишүү.
Министрлер Кабинети
Жумуш берүүчүлөр
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 токтому менен бекитилген Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобого жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегине үч жылда бир жолу жеке компьютерлердин зыяндуу жумуш зоналарын иликтөө бөлүгүндө өзгөртүү киргизүү.
Министрлер Кабинети
11. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык бардык топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды (ДМЧА) ишке орноштурууга көмөктөшүү. 2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында майыптардын укуктары жөнүндө БҮУнун Конвенциясын ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги чаралардын планын ишке ашырууга көмөктөшүү.
Кыргыз сокурлар жана дүлөйлөр коому ишканасын мамлекеттик заказдар менен камсыз кылуу.
Тараптар
12. 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин өтө начар түрлөрүн алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана бекитүү.
Тараптар
13. Электрондук эмгек китепчесине өтүү боюнча концепциянын долбоорун иштеп чыгуу.
Министрлер Кабинети
5. Социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргызстан профсоюздар федерациясы менен жумуш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелеринин ортосундагы 2022-2024-жылдарга Башкы макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана бекитүү.
Тараптар
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине же жарандардын эмгектик, социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуучу башка ченемдик укуктук актыларына (пенсиялар, жөлөкпулдар, калктын жакыр жана социалдык жактан аярлуу катмары үчүн жөлөкпулдар) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө жумушчу комиссиялардын курамына Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жана жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин өкүлдөрүн киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш киргизүү.
Тараптар
3. Менчиктин бардык түрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда, ошондой эле капиталдын чет өлкөлүк үлүшү бар ишканаларда бардык деңгээлдеги тармактык, аймактык (региондук) макулдашуулардын жана жамааттык келишимдердин түзүлүшүн камсыз кылуу.
Профсоюздар
Жумуш берүүчүлөр
6. Башкы макулдашуунун колдонулушу, анын аткарылышын контролдоо жана Тараптардын жоопкерчилиги
Тараптар ушул Башкы макулдашуунун жоболорун аткаруу максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1. Тараптар ушул Башкы макулдашууну 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында макулдашылган социалдык-экономикалык саясатты жүргүзүү боюнча багыттарды жана зарыл иш-аракеттерди белгилеген социалдык өнөктөштүктүн негизги документи катары тааныйт жана анын бардык шарттарын сактоо менен аны жетекчиликке алууга милдеттенишет.
2. Башкы макулдашууну түзгөн Тараптардын бири да аны колдонуу мөөнөтүнүн ичинде өзүнө алган милдеттенмелерин аткарууну бир тараптуу токтотууга укуксуз.
Башкы макулдашууга толуктоолор жана өзгөртүүлөр Тараптардын өз ара макулдугу боюнча Башкы макулдашууну түзүү үчүн каралган тартипте киргизилет.
3. Республикалык үч тараптуу комиссиянын чечимдери (сунуштамалары) ушул Башкы макулдашууну ишке ашыруунун формасы болуп саналат.
4. Тараптар Башкы макулдашууну аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты жыл сайын социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча Республикалык үч тараптуу комиссияга берип турушат.
5. Башкы макулдашууга кол коюлгандан кийин Тараптар аны бир жумалык мөөнөттө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоону, ошондой эле Республикалык үч тараптуу комиссия тарабынан жүргүзүлгөн иштер жана Башкы макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында туруктуу чагылдырууну камсыз кылышат.
6. Тараптар Республикалык үч тараптуу комиссиянын жыйналыштарынын туруктуу негизде өткөрүлүшүн камсыз кылышат.
7. Бул Башкы макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Тараптар ведомстволук уюмдарга таанышуу жана аткаруу үчүн жеткиришсин.
9. Бул Башкы макулдашуу башка республикалык жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин жана көз карандысыз профсоюздардын кошулуусу үчүн ачык.
Бишкек шаарында 202___-жылдын "___" ______________ эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлдү.
Бул Башкы макулдашууга төмөнкүлөр кол койду: |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары |
Э.Ж. Байсалов |
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын атынан:
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы | Э.Ш. Кызаев |
Жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин атынан:
Соода-өнөр жай палатасынын Вице-Президенти
"ЖИА бизнес-ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясынын президенти | Б.М. Мухамедзиев
Ф.Г. Пакыров
Г.Т. Ускенбаева |