Загрузка документа…
(КР Премьер-министринин 2017-жылдын 23-мартындагы № 81-б буйругуна ылайык )
Кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 2-апрели № 106-б
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Латвия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ортосундагы cаламаттыкты сактоо жана медициналык илим тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Латвия Саламаттыкты сактоо министрлиги,
саламаттыкты сактоо жана медициналык илим тармагындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө умтулуу менен,
кызматташуу калктын саламаттыгын жакшыртууга өбөлгө түзөөрүн түшүнүү менен,
төмөнкүлөр туурасында макулдашышты:
1-берене.
Тараптар саламаттыкты сактоо жана медицина тармагындагы кызматташтыкты эки тараптын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык өз ара пайда жана тең укуктуулук принциптеринин негизинде жүзөгө ашырышат.
2-берене.
Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты төмөнкү багыттар боюнча өнүктүрүүнү көздөшөт:
1. калкка медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу (медициналык кызмат рыногун түзүү, баштапкы медициналык-санитардык жана адистештирилген жардамды өнүктүрүү, жаңы медициналык технологияларды киргизүү, өзгөчө коркунучтуу оорулардын жайылып кетүү коркунучу пайда болгон учурундагы жардам жана өз ара иш-аракеттер);
2. медициналык илимдин приоритеттүү жана актуалдуу багыттары боюнча бирдиктүү программаларды иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу;
3. бүтүрүүчүгө, адиске карата болгон квалификациялык талаптардын негизинде илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
4. медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техникаларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана сертификациялоо;
5. дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана сапаттык көзөмөл;
6. дары-дармек каражаттарын, медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техникаларды сатып алуу;
7. калктын саламаттыгын сактоо талаптарына ылайык эксперименталдык, клиникалык жана профилактикалык медицина тармагындагы фундаменталдуу жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү;
8. саламаттыкты сактоо жана медициналык илим экономикасы;
9. башкаруунун автоматташтырылган системасы, эсептөөчү техника жана саламаттыкты сактоону компьютерлештирүү;
10. жугуштуу оорулардын жайылып кетүүсүн чектөө тармагын координациялоо.
3-берене.
Тараптар кызматташтыкты бул Макулдашуунун 2-беренесине ылайык өз ара консультациялардын негизинде, адис жана медициналык-техникалык маалыматтарды алмашуу, симпозиум жана конференцияларды уюштуруу, монография жана макалаларды басып чыгаруу, ошондой эле кызматташтыктын башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу жолу аркылуу ишке ашырышат.
4-берене.
Тараптар билим берүүнүн жогорку медициналык мекемелери менен медициналык илимий мекемелер жана кызыкдар болгон саламаттыкты сактоо мекемелеринин ортосундагы түз байланышты камсыз кылышат.
5-берене.
Тараптар съезд, конференция, көргөзмө жана башка ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүүнүн пландары жөнүндө бири-бирине маалымат берип туруу менен мына ушул иш-чараларга катыша турган адистерди кабыл алууга көмөк көрсөтүшөт.
6-берене.
Бул Макулдашууга Тараптардын макулдугу менен өзгөртүү жана толуктоолор киргизилет жана бул Макулдашуунун ажырагыс бир бөлүгү болуп саналган протоколдор менен бекитилет.
7-берене.
Бул Макулдашууну талкуулоо жана колдонуу боюнча келип чыккан талаш-тартыш жана пикир келишпестиктер өз ара сүйлөшүү жана консультациялардын негизинде чечилет.
8-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Тараптардын бири бул Макулдашуунун колдонулушу аяктаганга чейин 6 айдан кем эмес мөөнөттө экинчи Тарапка анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө өз чечимин жазуу жүзүндө билдирбесе, ушул Макулдашуунун колдонулушу кийинки беш жылдык мөөнөткө өзүнөн өзү узартылат.
20__-жылдын "__" _________ __________ шаарында ар бири кыргыз, латыш, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында тексттердин барысы бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашууну талкуулоодо пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар англис тилиндеги тексти боюнча иш алып барышат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин атынан | Латвия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин атынан |