Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 23-марты № 81-б
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Латвия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 106-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр |
| С. Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Латвия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" аталуучу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Латвия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги,
саламаттык сактоо жана медициналык илимдер жаатында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалап,
эл аралык укуктун принциптерине ылайык калктын саламаттыгын жакшыртуу үчүн кызматташуунун ролун таанып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар теңчилик жана өз ара пайда принциптерине негизделип, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо жана медициналык илимдер жаатында кызматташууну ишке ашырышат.
2-берене.
Тараптар өз ара пайдалуу кызматташууну төмөнкү багыттар боюнча өнүктүрүшөт:
- медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу (медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун түзүү, алгачкы медициналык жардамды жана адистештирилген медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү, жаңы медициналык технологияларды ишке киргизүү жана оорулардын жайылып кетүү коркунучунда жардам көрсөтүү жана өз ара кызматташуу);
- саламаттык сактоо жана медициналык илимдер жаатында Тараптардын мамлекеттери үчүн артыкчылыктуу темалар жана маселелер боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- макулдашылган квалификациялык талаптардын негизинде илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
- медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы каттоо жана сертификациялоо;
- дары каражаттарын каттоо жана сапатын контролдоо;
- дары каражаттарын, медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы сатып алуу;
- калктын саламаттыгын сактоо муктаждыктарына ылайык эксперименталдык, клиникалык жана профилактикалык медицина жаатында фундаменталдуу илимий жана колдонмо изилдөөлөрдү өнүктүрүү;
- саламаттык сактоонун жана медициналык илимдин экономикасы;
- саламаттык сактоо системасынын алкагында маалыматтык технологияларды башкаруу, анын ичинде электрондук саламаттык сактоону ишке киргизүү;
- инфекциялык оорулардын жайылышын чектөө жаатында координациялоо.
Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын мамлекеттери катышкан эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Тараптардын милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
3-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун 2-беренесин өз ара консультацияларды жүргүзүү, адистерди жиберишүү жана маалымат алмашуу, симпозиумдарды жана конференцияларды уюштуруу, монографияларды жана макалаларды жарыялоо, ошондой эле өз ара келишимдик боюнча кызматташуунун башка түрлөрүн ишке ашыруу жолу менен аткарышат.
4-берене.
Тараптар медициналык билим берүү мекемелеринин, медициналык илимий уюмдардын, саламаттык сактоо мекемелеринин жана Тараптардын мамлекеттеринин саламаттык сактоо системасынын башка коомдук уюмдарынын ортосундагы түз байланыштарды колдойт.
5-берене.
Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин аймагында уюштурулуучу саламаттык сактоо жана медициналык илимдер жаатындагы конгресстер, конференциялар, көргөзмөлөр жана башка иш-чаралар боюнча маалымат алмашууга көмөктөшөт.
6-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун аткарууга байланышкан чыгымдар тиешелүү тармакта каралган финансылык ресурстардын алкагында ар бир Тараптын эсебинен жабылат. Чыгымдарды Тараптар ар бир конкреттүү учурда макулдашып алуулары тийиш.
7-берене.
Зарыл болгон учурда Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
8-берене.
Ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга тийиштүү бардык талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
9-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Ушул Макулдашуунун колдонулушу, эгерде Тараптардын бири анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө ушул Макулдашуунун колдонулуу мөөнөтү аяктаганга чейин 6 (алты) айдан кечиктирбей экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлабаса, кийинки беш жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат.
_________________ шаарында 20___-ж. "___" ______________, эки нускада, ар бири кыргыз, латыш, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн |
| Латвия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн |
__________________________ |
| __________________________ |