Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-апрели № 84
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Аймактык шайлоо комиссиялардын "Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү" 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
4. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары А.Джолбуновго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 84 токтомунун 1-тиркемеси |
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
1 | Кербен шаардык | Момунов Мурзали Акматалиевич ("Замандаш-Современник" саясий партиясы) | Өз арызы | |
2 | Алимов Ниязбек Ормонбекович ("Замандаш-Современник" саясий партиясы) | Өз арызы | ||
Жалал-Абад шаары | ||||
3 | Жалал-Абад шаардык | Казакбаев Нурлан Калдарович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | Өз арызы | |
Базар-Коргон району | ||||
4 | Могол айылдык | Алтынбеков Айбек | Өз арызы | |
Токтогул району | ||||
5 | Жаңы-Жол айылдык | Кушубеков Арслан Зулумбекович | Жалал-Абад облустук сотунун 2015-жылдын 24-ноябрындагы айыптоо өкүмүнүн күчүнө киргендигине байланыштуу | |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 84 токтомунун 2-тиркемеси |
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. | Ээлеген кызматы, кызмат орду | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
1 | Кербен шаардык | Шакиев Нурланбек Тагайбекович ("Замандаш-Современник" саясий партиясы) | "Ишкерликти өнүктүрүү фонду" чакан кредиттик компаниясы, директор | № 2, 14.04.2016-ж. |
2 | Субанкулов Алыкул ("Замандаш-Современник" саясий партиясы) | Кербен автобазасы, айдоочу | ||
Жалал-Абад шаары | ||||
3 | Жалал-Абад шаардык | Осмонов Алманбек Эрмаматович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Жалал-Абад шаардык башкармалыгы, башчы | № 3, 04.04.2016-ж. |
Базар-Коргон району | ||||
4 | Могол айылдык | Тагайкулов Кадырбек Амантаевич | № 15 Жумалы атындагы орто мектеп, мугалим | № 4, 12.04.2016-ж. |
Токтогул району | ||||
5 | Жаңы-Жол айылдык | Мамытбеков Замирбек Күрүчбекович | Камбар-Ата ГЭС-2, мастер | № 1, 1.04.2016-ж. |