Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-декабры № 152
Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын
жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 11-июнундагы № 107 токтомуна ылайык бул токтомдун төмөнкү бөлүктөрү күчүн жоготту:
- шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол;
- айрым талапкерлерди шаардык кеңештердин депутаттары болуп шайлоо тууралу.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 4-июлундагы № 116 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү бөлүктөрү жокко чыгарылды.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 24-июлундагы № 128 токтомуна ылайык бул токтомдун шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол жана айрым талапкерлерди шаардык кеңештердин депутаттары болуп шайлоо тууралу бөлүктөрү жокко чыгарылды.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 6-августундагы № 134 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 20-августундагы № 138 токтомуна ылайык бул токтомдун шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол жана айрым талапкерлерди шаардык кеңештердин депутаттары болуп шайлоо тууралу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 23-декабрындагы № 183 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 10-январындагы № 4 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 20-январындагы № 8 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 31-январындагы № 15 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайланган деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 6-февралындагы № 19 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайланган деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 7-мартындагы № 43 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 26-мартындагы № 48 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 26-мартындагы № 48 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 58 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 63 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 16-майындага № 72 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 27-майындагы № 77 токтомуна ылайык бул токтомдун депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 26-июнундагы № 86 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 4-июлундагы № 89 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 7-июлундагы № 92 токтомуна ылайык А.С. Арзымбаев “Ата Мекен” саясий социалисттик партиясынын тизмеси боюнча Кара-Көл шаардык кеңешинин шайланган депутаты деп табуу тууралуу бөлүгү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 5-августундагы № 101 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 20-августундагы № 103 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 28-августундагы № 160 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 26-сентябрындагы № 111 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 22-октябрындагы № 119 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 126 токтомуна ылайык бул токтомдун депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 29-декабрындагы № 138 токтомуна ылайык бул токтомдун депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 14-январындагы № 4 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 11-февралындагы № 16 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 3-мартындагы № 21 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 20-мартындагы № 27 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 43 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 22-майындагы № 48 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын каттоосу жөнүндөгү бөлүгү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 8-июлундагы № 71 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 23-июлундагы № 74 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 18-сентябрындагы № 143 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 12-февралындагы № 31 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 16-мартындагы № 54 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 25-мартындагы № 62 токтомуна ылайык бул токтомдун Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттыгына "Ата Мекен" саясий социалисттик партиясынан талапкер Канаев Заирбек Кочкоровичти шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүгү күчүн жоготту
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 78 токтомуна ылайык бул токтомдун Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттыгына "Ата Журт" саясий партиясынан талапкер Дакеев Бактыбек Турдубековичти шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүгү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 81 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 84 токтомуна токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 25-апрелиндеги № 90 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 28-июлундагы № 133 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 11-августундагы № 135 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 6-сентябрындагы № 140 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 4-октябрындагы № 144 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 204 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын, Майлуу-Суу шаарынын, Кара-Көл шаарынын, Таш-Көмүр шаарынын, Кербен шаарынын, Кочкор-Ата шаарынын, Көк-Жаңгак шаарынын жана Ала-Бука, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2012-жылдын 25-ноябрында өткөрүлдү.
Шайлоону өткөрүү үчүн, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Жалал-Абад облусу боюнча 7 бирдиктүү, 247 көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлдү.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына 1522 мандатка 4320 талапкер көрсөтүлдү, анын ичинен 4282 талапкер катталды. Каттоодон өткөндөрдүн ичинен 448 талапкер саясий партиялардан, 40 талапкер шайлоочулардын топторунан көрсөтүлгөн, 3794 талапкер өзүн-өзү көрсөткөн.
Добуш берүүгө 277575 шайлоочу катышты, бул облус боюнча шайлоочулардын жалпы санынын 53,1%ын түзөт.
Шайлоонун жыйынтыктары боюнча, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдоруна, шайлоонун натыйжалары жөнүндө жыйынды таблицаларга ылайык 1518 талапкер жергиликтүү кеңештердин депутаттары болуп шайланды.
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 6-декабрындагы № 39 чечими менен Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешиндеги (4 мандаттуу) Ак-Булак шайлоо округунун № 2024 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине шайлоо процессинин катышуучуларынан жазуу жүзүндөгү 23 кайрылуу (арыздар, даттануулар, актылар) келип түштү.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө келип түшкөн, Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Ала-Бука, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал аймактык шайлоо комиссиялары берген протоколдордун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесиндеги 4-бөлүккө, 40-беренесиндеги 4-бөлүккө, 62-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча аймактык шайлоо комиссияларына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн даттанууларды жана арыздарды карап чыгуу жөнүндө маалымат эске алынсын (1-тиркеме).
2. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кербен, Кочкор-Ата, Көк-Жаңгак шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кербен, Кочкор-Ата, Көк-Жаңгак шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука, Өрүктү, Көк-Таш, Биринчи Май, Көк-Терек, Ак-Там, Ак-Коргон, Балтагул айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука, Өрүктү, Көк-Таш, Биринчи Май, Көк-Терек, Ак-Там, Ак-Коргон, Балтагул айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
4. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу, Жерге-Тал, Кызыл-Туу, Кара-Суу, Кара-Жыгач, Жаңы-Жол, Ак-Жол, Ак-Суу, Кош-Дөбө, Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу, Жерге-Тал, Кызыл-Туу, Кара-Суу, Кара-Жыгач, Жаңы-Жол, Ак-Жол, Ак-Суу, Кош-Дөбө, Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
5. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон, Кызыл-Үңкүр, Бешик-Жон, Акман, Арстанбап, Сейдикум, Могол, Талдуу-Булак, Кеңеш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон, Кызыл-Үңкүр, Бешик-Жон, Акман, Арстанбап, Сейдикум, Могол, Талдуу-Булак, Кеңеш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
6. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Шайдан, Масы, Арал, Ноокен, Сакалды, Момбеков, Бүргөндү, Достук айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Шайдан, Масы, Арал, Ноокен, Сакалды, Момбеков, Бүргөндү, Достук айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
7. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя, Сузак, Ырыс, Барпы, Атабеков, Таш-Булак, Кыз-Көл, Ленин, Багыш, Көк-Арт, Курманбеков, Кара-Алма айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
Ак-Булак шайлоо округу боюнча Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп табылсын.
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя, Сузак, Ырыс, Барпы, Атабеков, Таш-Булак, Кыз-Көл, Ленин, Багыш, Көк-Арт, Курманбеков, Кара-Алма айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
8. Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Сары-Камыш, Толук, Бел-Алды, Торкен, Жаңы-Жол, Кетмен-Дөбө, Чолпон-Ата, Ничке-Сай, Кызыл-Өзгөрүш, Үч-Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Сары-Камыш, Толук, Бел-Алды, Торкен, Жаңы-Жол, Кетмен-Дөбө, Чолпон-Ата, Ничке-Сай, Кызыл-Өзгөрүш, Үч-Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
9. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Карагалык, Сары-Булуң, Тогуз-Торо айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Карагалык, Сары-Булуң, Тогуз-Торо айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
10. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя, Чаткал, Терек-Сай, Сумсар айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя, Чаткал, Терек-Сай, Сумсар айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
11. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына төмөнкү талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелсин (2-тиркеме).
12. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
13. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
14. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|